# Кыргыз Республикасы 2005-жылдын 12-июлундагы № 102 «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасы 2005-жылдын 12-июлундагы № 102 «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 102
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.07.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1700>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1629/edition/284921/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1700.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасы 2005-жылдын 12-июлундагы № 102 «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" мыйзамы (12.07.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1700

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 12-июлундагы № 102

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЫЙЗАМЫ

«Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу

жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу

2005-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья. «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө»](https://aqlex.ai/kg/doc/1700/st-1)

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин Ведомосттору, 1993-ж., № 8, 179-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр

жана толуктоолор киргизилсин:

1. Преамбуласы «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин

алдындагы каржы полициясынын» деген сөдөрдөн кийин «Кыргыз

Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин атайын

байланыш кызматынын» деген сөздөр менен толукталсын.

2. 1-статьясынын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Офицердик курамдагы адамдар, прапорщиктер, мичмандар, мөөнөттөн

тышкаркы кызматтагы аскер кызматкерлери, ички иштер органдарынын,

жазык - аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарынын, каржы

полициясынын, атайын байланыш кызматынын мамлекеттик социалдык

камсыздандырууга алынбоочу жетекчи жана катардагы курамдагы адамдары -

ушул Мыйзам менен белгиленген аскердик кызматта, ички иштер

органдарында, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарында,

финансылык полициянын жана атайын байланыш кызматынын органдарында

иштеген жылдары болгон учурда иштеген жылдары үчүн өмүр бою пенсия

алууга укуктуу».

3. 3-статьянын «д» пунктчасындагы «Кыргыз Республикасынын Транспорт

жана коммуникациялар министрлигинин атайын байланыш кызматынын кенже

жетекчи жана катардагы курамдагы адамдарына» деген сөздөр алып

салынсын.

4. Мыйзамдын бүткүл тексти «каржы поллциясынын» жана «Кыргыз

Республикасынын Финансы министрлигинин» деген сөздөрдөн кийин тийиштүү

жөндөмөлөрдөгү «, атайын байланыш кызматынын» жана «, Кыргыз

Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин» деген

сөздөр менен толукталсын.

### [2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөту өзүнүн чечимдерин ушул](https://aqlex.ai/kg/doc/1700/st-2)

Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [3-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө](https://aqlex.ai/kg/doc/1700/st-3)

кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин

милдетин аткаруучу К.Бакиев
