# 9-статья. Чыгарманын автору. Автордуктун презумпциясы

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543); 23.03.2020 [Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"](https://aqlex.ai/kg/doc/112032); 27.06.2011 [Закон Жогорку Кенеш Кыргызской Республики от 27 июня 2011 года № 58 О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112240); 20.06.2001 [Закон КР от 20 июня 2001 года №54 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/461); 06.11.1999 [Закон КР от 6 ноября 1999 года №120 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/283)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/17#diff=1240395..1240396>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 9-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-9

---

1. Өзүнүн чыгармачыл эмгеги менен чыгарма жараткан граждан чыгарманын автору деп таанылат.

Эгерде башкача далилденбесе, чыгарма биринчи жарыяланганда анын автору катары белгиленген адам анын автору деп эсептелет.

2. Чыгарма автору аталбастан же тергеме ат менен жарыяланганда (автордун тергеме аты анын инсандыгынан шектенүүнү пайда кылбагандан башка учурларда), башкалардын далилдери жок болгон учурда чыгармада ысымы же аталышы көрсөтүлгөн бастырып чыгаруучу автордун өкүлү катары эсептелет жана автордук укукту коргоого жана аны жүзөгө ашырууну камсыз кылууга укуктуу болот. Ушул жобо мындай чыгарманын автору өзүнүн инсандыгын ачыкка чыгарып жана өзүнүн автор экендигин билдирмейинче колдонулат.

3. Өзүнүн бөтөнчө мүлктүк укуктары жөнүндө жарыялоо үчүн анын ээси автордук укукту коргоо белгисинен пайдалана алат, мындай белги чыгарманын ар бир нускасына коюлат жана сөзсүз төмөндөгүдөй үч элементтен турат:

айланага алынган латындын "С" тамгасынан - ( С ); бөтөнчө мүлктүк укуктун ээсинин атынан (аталышынан); чыгарма биринчи жолу жарыяланган жылынан.

4. Автор жарыяланбаган чыгармага карата жеке мүлктүк эмес укуктарын күбөлөндүрүү үчүн, ошондой эле укук ээси чыгармага карата өзгөчө мүлктүк укукка ээ болгондугун тастыктоо үчүн автордук укукту коргоонун мөөнөтүнүн ичинде кайсы гана убакытта болбосун аларды расмий реестрлерде каттоого укуктуу, бул тууралуу белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет. Каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

Чыгарманы каттоого тиешелүү жана реестрге киргизилген маалыматтар ушундай жактын каалоосу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий басылмаларына жарыяланышы мүмкүн. Жарыялануучу маалыматтардын көлөмү жана мазмуну автор же укук ээси менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. Каттоо жана жарыялоо үчүн жыйымдар Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык алынат.

5. Жеке жак өзүн жарыяланбаган чыгарманын кол жазмасынын авторумун деп эсептеген учурларда, укуксуз пайдаланууну же ээлеп алууну болтурбоо максатында аны сактоого өткөрүүнү зарыл деп эсептесе, анда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кол жазманы кабыл алууга милдеттүү, кол жазманы өткөргөн жакка анын келип түшкөн күнү тууралуу маалымкат берилет. Мындайда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алган кол жазманын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.

Кол жазманы өткөрүү, кабыл алуу жана сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

6. ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын бардык мүлктүк укуктарынын автору же башка ээси (укук ээси) автордук укукту колдонуу мөөнөтүнүн ичинде өз каалоосу боюнча түздөн-түз же өзүнүн өкүлү аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берүү аркылуу ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын каттай алат. Өтүнмө берүүнүн жана каттоонун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

(КР 1999-жылдын 6-ноябрындагы № 120, 2001-жылдын 20-июнундагы № 54, 2011-жылдын 27-июнундагы № 58, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-10)
