Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-статья. Чыгарманын автору. Автордуктун презумпциясы
Күчүндө · 17.03.2023 редакциясы · II бөлүм
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62
1. Өзүнүн чыгармачыл эмгеги менен чыгарма жараткан граждан чыгарманын автору деп таанылат.
Эгерде башкача далилденбесе, чыгарма биринчи жарыяланганда анын автору катары белгиленген адам анын автору деп эсептелет.
2. Чыгарма автору аталбастан же тергеме ат менен жарыяланганда (автордун тергеме аты анын инсандыгынан шектенүүнү пайда кылбагандан башка учурларда), башкалардын далилдери жок болгон учурда чыгармада ысымы же аталышы көрсөтүлгөн бастырып чыгаруучу автордун өкүлү катары эсептелет жана автордук укукту коргоого жана аны жүзөгө ашырууну камсыз кылууга укуктуу болот. Ушул жобо мындай чыгарманын автору өзүнүн инсандыгын ачыкка чыгарып жана өзүнүн автор экендигин билдирмейинче колдонулат.
3. Өзүнүн бөтөнчө мүлктүк укуктары жөнүндө жарыялоо үчүн анын ээси автордук укукту коргоо белгисинен пайдалана алат, мындай белги чыгарманын ар бир нускасына коюлат жана сөзсүз төмөндөгүдөй үч элементтен турат:
айланага алынган латындын "С" тамгасынан - ( С ); бөтөнчө мүлктүк укуктун ээсинин атынан (аталышынан); чыгарма биринчи жолу жарыяланган жылынан.
4. Автор жарыяланбаган чыгармага карата жеке мүлктүк эмес укуктарын күбөлөндүрүү үчүн, ошондой эле укук ээси чыгармага карата өзгөчө мүлктүк укукка ээ болгондугун тастыктоо үчүн автордук укукту коргоонун мөөнөтүнүн ичинде кайсы гана убакытта болбосун аларды расмий реестрлерде каттоого укуктуу, бул тууралуу белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет. Каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Чыгарманы каттоого тиешелүү жана реестрге киргизилген маалыматтар ушундай жактын каалоосу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий басылмаларына жарыяланышы мүмкүн. Жарыялануучу маалыматтардын көлөмү жана мазмуну автор же укук ээси менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. Каттоо жана жарыялоо үчүн жыйымдар Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык алынат.
5. Жеке жак өзүн жарыяланбаган чыгарманын кол жазмасынын авторумун деп эсептеген учурларда, укуксуз пайдаланууну же ээлеп алууну болтурбоо максатында аны сактоого өткөрүүнү зарыл деп эсептесе, анда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кол жазманы кабыл алууга милдеттүү, кол жазманы өткөргөн жакка анын келип түшкөн күнү тууралуу маалымкат берилет. Мындайда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алган кол жазманын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
Кол жазманы өткөрүү, кабыл алуу жана сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
6. ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын бардык мүлктүк укуктарынын автору же башка ээси (укук ээси) автордук укукту колдонуу мөөнөтүнүн ичинде өз каалоосу боюнча түздөн-түз же өзүнүн өкүлү аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берүү аркылуу ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын каттай алат. Өтүнмө берүүнүн жана каттоонун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
(КР 1999-жылдын 6-ноябрындагы № 120, 2001-жылдын 20-июнундагы № 54, 2011-жылдын 27-июнундагы № 58, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 17.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Жогорку Кенеш Кыргызской Республики от 27 июня 2011 года № 58 О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июня 2001 года №54 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 ноября 1999 года №120 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"Редакцияларды салыштыруу
17.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…күбөлүк берилет. Каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынып салынды: Кыргызпатент кошулду: ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
Чыгарманы каттоого тиешелүү жана реестрге киргизилген маалыматтар ушундай жактын каалоосу боюнча алынып салынды: Кыргызпатенттин кошулду: ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий басылмаларына жарыяланышы мүмкүн. Жарыялануучу маалыматтардын көлөмү жана мазмуну автор же укук ээси менен макулдашуу боюнча алынып салынды: Кыргызпатент кошулду: ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. Каттоо жана жарыялоо үчүн жыйымдар Кыргыз … болтурбоо максатында аны сактоого өткөрүүнү зарыл деп эсептесе, анда алынып салынды: Кыргызпатент кошулду: ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кол жазманы кабыл алууга милдеттүү, кол жазманы өткөргөн жакка анын келип түшкөн күнү тууралуу маалымкат берилет. Мындайда алынып салынды: Кыргызпатент кошулду: ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алган кол жазманын сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат.
Кол жазманы өткөрүү, кабыл алуу жана сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
кошулду: 6. ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын бардык мүлктүк укуктарынын автору же башка ээси (укук ээси) автордук укукту колдонуу мөөнөтүнүн ичинде өз каалоосу боюнча түздөн-түз же өзүнүн өкүлү аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берүү аркылуу ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын каттай алат. Өтүнмө берүүнүн жана каттоонун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
(КР 1999-жылдын 6-ноябрындагы № 120, 2001-жылдын 20-июнундагы № 54, 2011-жылдын 27-июнундагы № 58, 2020-жылдын 23-мартындагы № алынып салынды: 29 кошулду: 29, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 522 "Автордук укук, чектеш укуктар объектилерин жана интегралдык микросхемалардын топологияларын каттоо үчүн жыйымдар жөнүндө жобону…Постановление · 03.10.2016 · № 522
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 522 токтомуПостановление · 03.10.2016 · № 522
- Постановление Правительства КР от 20 октября 2003 года N 658 "О внесении дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики от 14 мая 1999 года N 260 "О сборах за…Постановление · 20.10.2003 · № 658 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/17/st-9" title="9-статья - Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>