# 7-статья. Автордук укуктун объектилеринин түрлөрү. Туунду жана курамдуу чыгармалар

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543); 27.06.2011 [Закон Жогорку Кенеш Кыргызской Республики от 27 июня 2011 года № 58 О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112240); 11.05.2004 [Закон КР от 11 мая 2004 года № 57 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1443)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/17#diff=1240395..1240396>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 7-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-7

---

1. Төмөндөгүлөр:

адабий чыгармалар (адабий-көркөм, илимий, окуу, публицистикалык жана башка ушул сыяктуу); драмалык жана сценалык чыгармалар; тексти бар жана тексти жок музыкалык чыгармалар; музыкалык-драмалык чыгармалар; хореографиялык чыгармалар жана пантомималар; аудиовизуалдык чыгармалар (кино, теле, жана көргөзмө фильмдер, слайдфильмдери жана башка кино, теле жана көргөзмө чыгармалар); живопись, скульптура, графика, дизайн чыгармалары жана көрсөтмөлүү искусствонун башка чыгармалары; декоративдик-прикладдык сценалык искусствонун чыгармалары; архитектура, шаар куруу жана багбанчылык-сейил бак искусствосунун чыгармалары; фото чыгармалар жана фото сүрөткө окшош ыкмалар менен алынган чыгармалар; географиялык, геологиялык жана башка карталар, географияга, топографияга жана башка илимдерге таандык кылынган пландар, эскиздер жана чыгармалар; ар кандай түрдөгү электрондук-эсептөө машиналары (ЭЭМ), анын ичинде прикладдык программалар жана операциялык системалар, маалыматтар базалары; ушул Мыйзамдын 6-статьясында белгиленген талаптарга жооп берген башка чыгармалар автордук укуктун объектилерине таандык кылынат.

2. Ушул Мыйзамдын 6-статьясында белгиленген талаптарды канааттандырган чыгармалардын бөлүктөрү, алардын аталыштары жана туунду чыгармалар автордук укуктун объектилери болуп эсептелет.

Туунду чыгармаларга башка чыгармаларды кайра иштеп чыгуунун натыйжасында жаратылган чыгармалар (котормолор, иштеп чыгуулар, аннотациялар, рефераттар, резюме, серептер, сахналаштыруулар, аранжировкалар жана ушуга окшогон илимдин, адабияттын жана искусствонун башка чыгармалары) кирет. Курамдуу чыгармаларга жыйнактар (энциклопедиялар, антологиялар) жана материалдарды тандоо же жайгаштыруу аркылуу жаратылган чыгармачыл эмгектин натыйжасы болгон башка курамдык чыгармалар кирет.

21. ЭЭМ үчүн программалар жана маалыматтар базалары адабий чыгармалар катары корголот. Мындай коргоо баштапкы текстти жана объекттик кодду камтуу менен кайсы тилде жана кандай формада болбосун түшүндүрүлүүгө мүмкүн болгон бардык колдонмо программаларды жана операциялык тутумдарды камтуу менен программанын бардык түрлөрүнө жайылтылат.

Маалыматтар базалары алар негизделген же алар камтыган маалыматтар автордук укуктун объекттери болуп саналганына же жоктугуна карабастан корголот.

22. Ушул Мыйзамда берилүүчү укуктук коргоо ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын же алардын кандайдыр-бир элементинин негизинде турган идеяларга жана принциптерге, анын ичинде интерфейсти жана алгоритмди уюштуруу идеяларына жана принциптерине, ошондой эле программалоо тилдерине жайылтылбайт.

3. Туунду жана курамдуу чыгармалар өздөрү негизделген жана аларга киргизилген чыгармалар автордук укуктун объектилери болгон же болбогондугуна карабастан, автордук укук тарабынан корголот.

Маалыматтар базаларына жыйнактарга берилгендей укуктук коргоо берилет. (КР 2004-жылдын 11-майындагы № 57, 2011-жылдын 27-июнундагы № 58, 2014-жылдын 21-январындагы № 14, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-8)
