50-статья. Автордук жана чектеш укуктарды бузуу жөнүндөгү иштер боюнча доону камсыз кылуунун жолдору
Күчүндө · 17.03.2023 редакциясы · V бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Жогорку Кенеш Кыргызской Республики от 27 июня 2011 года № 58 О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики
1. Сот же судья жеке өзү жоопкерге же автордук же чектеш укуктарды бузуучу болуп саналат деп эсептөөгө толук негиз берген адамга айрым бир иш-аракетти жасоого (чыгармалар менен фонограммалардын контрафактылык болуп саналат деп божомолдогон нускаларын даярдоо, кайра чыгаруу, сатуу, прокатка берүү, импорттоо же ушул Мыйзамда каралган башка түрдө пайдалануу, ошондой эле граждандык пайдаланууга чыгаруу максатында ташуу, сактоо же ээлик кылуу) тыюу салуу жөнүндө аныктама чыгара алат.
2. Сот же судья жеке өзү чыгармалар менен фонограммалардын контрафактылык болуп саналат деп божомолдогон бардык нускаларына, ошондой эле аларды даярдоого жана кайра чыгарууга арналган материалдар менен жабдууларга камак салуу жана колдонуудан алып таштоо жөнүндө аныктама чыгара алат. Автордук жана чектеш укуктарды бузуу жөнүндө жетиштүү маалыматтар болгон кезде баштапкы тергөө органы, тергөөчү, сот же судья жеке өзү контрафактылык болуп саналган божомолдонгон чыгармалар менен фонограммалардын нускаларын, ошондой эле чыгармалар менен фонограммалардын көрсөтүлгөн нускаларын даярдоого жана кайра чыгарууга арналган материалдар менен жабдууларга, ошондой эле ушул Мыйзамды бузган иш-аракеттерге күбө болушу мүмкүн болгон документтерге издөө жана арест салуу боюнча чараларды, зарыл болгон учурларда аларды колдонуудан алып таштоо жана жоопкерчиликтүү сактоого өткөрүп берүү боюнча иш-чаралар менен кошо колдонууга милдеттүү.
(КР 2011-жылдын 27-июнундагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
50-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/17/st-50" title="50-статья - Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>