# 5-статья. Автордук укуктун аракет чөйрөсү

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543); 27.06.2011 [Закон Жогорку Кенеш Кыргызской Республики от 27 июня 2011 года № 58 О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112240)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/17#diff=1240395..1240396>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 5-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-5

---

1. Ушул Мыйзамга ылайык автордук укук төмөнкүлөргө жайылтылат:

Кыргыз Республикасынын аймагында жарыяланган же жарыяланбаган, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында кандайдыр бир объективдүү түрдө орун алган чыгармаларга жана жарандыгына карабастан авторлордуку (алардын укук мураскерлериники) болуп таанылган чыгармаларга; Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жарыяланган же жарыяланбаган, бирок Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары кандайдыр бир объективдүү түрдө орун алган жана Кыргыз Республикасынын жараны болгон авторлордуку (алардын укук мураскерлериники) болуп таанылган чыгармаларга; Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жарыяланган же жарыяланбаган, бирок Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары кандайдыр бир объективдүү түрдө орун алган жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептеген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында башка мамлекеттердин жараны болгон авторлордуку (алардын укук мураскерлериники) деп таанылган чыгармаларга. материалдык алып жүрүүчүсүнө, арналышына жана артыкчылыгына карабастан объективдүү формада берилген, жарыкка чыгарылган, ошондой эле жарыкка чыгарылбаган ЭЭМ үчүн ар кандай программаларга же маалыматтар базаларына.

2. Эгерде чыгарма Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакта биринчи ирет жарыяланган күндөн тартып 30 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи жолу жарыяланса, ал Кыргыз Республикасында да жарыяланган деп эсептелет.

3. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык чыгармага Кыргыз Республикасынын аймагында коргоо берүүдө чыгарманын автору автордук укукка ээ болуу үчүн негиз болуп кызмат кылган юридикалык факт орун алган аймактагы мамлекеттин мыйзамы боюнча аныкталат.

(КР 2011-жылдын 27-июнундагы № 58, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-6)
