# 49-статья. Автордук жана чектеш укуктарды коргоонун граждандык-укуктук жана башка чаралары

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 мая 2021 года № 69 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики «Об авторском праве и смежных правах»"](https://aqlex.ai/kg/doc/112237)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.05.2021 [Закон КР от 24 мая 2021 года № 69 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики «Об авторском праве и смежных правах»"](https://aqlex.ai/kg/doc/112237); 27.06.2011 [Закон Жогорку Кенеш Кыргызской Республики от 27 июня 2011 года № 58 О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112240)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/17#diff=1240394..1240395>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 49-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-49

---

1. Өзгөчө автордук жана чектеш укуктарды коргоо сот тарабынан:

1) укуктарды таануу;

2) укук бузулганга чейинки абалды калыбына келтирүү;

3) укукту бузуучу же аны бузуу боюнча коркунуч түзүүчү аракеттерди токтотуу;

4) алынбай калган пайданы кошкондо, зыяндардын ордун толтуруу;

5) автордук жана чектеш укуктарды бузуунун натыйжасында укук бузуучу алган кирешени зыяндын ордун толтуруу иретинде өндүрүп берүү;

6) тарткан зыяндын ордун толтуруунун же кирешелерди өндүрүп алуунун ордуна, соттун кароосу боюнча аныктала турган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнүн 20 дан 50000ге чейинки өлчөмдөгү суммасында компенсация төлөтүү;

7) алардын укуктарын коргоого байланыштуу мыйзам актыларында каралган башка чараларды колдонуу аркылуу ишке ашырылат. Ушул бөлүктүн 4, 5, 6-пункттарында көрсөтүлгөн чаралар автордук жана чектеш укуктардын ээлеринин тандоосу боюнча колдонулат.

2. Өз укуктарын коргоо үчүн өзгөчө автордук жана чектеш укуктардын ээлери, ошондой эле мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу алардын кызыкчылыгын көрсөткөн уюмдар, белгиленген тартипте сотко жана тийиштүү укук коргоо органдарына кайрылууга укуктуу.

3. Чыгармалардын же фонограммалардын контрафактылык нускалары соттун же судьянын жекече чечими боюнча милдеттүү түрдө конфискацияланууга жатат. Чыгармалардын же фонограммалардын конфискацияланган контрафактылык нускалары автордук жана чектеш укуктардын ээсинин өтүнүчү боюнча ага өткөрүлүп берилгенден башка учурларда, жок кылынууга тийиш. Сот же судья жеке өзү чыгармалардын жана фонограммалардын контрафактылык нускаларынын даярдоо жана кайра чыгаруу үчүн пайдаланылган материалдар менен жабдууларды конфискациялоо жөнүндө чечим чыгара алат.

4. Сүрөт искусство чыгармасынын түп нускасын, аудиовизуалдык чыгарманын кол жазмасын же акыркы вариантын (негативди, оригиналдуу жазманы) атайылап жок кылгандыгы же шалаакылыгынан улам жок кылгандыгы үчүн күнөөлүү болгон адам, автордун же чектеш укуктардын ээсинин талабы боюнча ушул статьянын 1-бөлүгүнүн талабына ылайык келтирилген материалдык жана моралдык зыяндардын ордун толтурууга милдеттүү.

(КР 2011-жылдын 27-июнундагы № 58, 2021-жылдын 24-майындагы № 69 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [48-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-48)  
Кийинки берене: [50-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-50)
