# 46-статья. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкарган уюмдардын аткарган кызматы жана милдеттери

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543); 06.11.1999 [Закон КР от 6 ноября 1999 года №120 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/283)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/17#diff=1240395..1240396>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 46-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-46

---

1. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкарган уюм өзү өкүлү болгон автордук жана чектеш укуктардын ээлеринин атынан жана алардан алган ыйгарым укуктардын негизинде төмөндөгү кызматтарды иш жүзүнө ашырат:

1) лицензиялык келишимдерде каралган сый акынын өлчөмүн жана башка шарттарды пайдалануучулар менен макулдашат;

2) башкаруусун мындай уюм жүргүзүп жаткан укуктарды пайдалануу боюнча пайдалануучулар менен лицензиялык келишимдерди түзөт;

3) ушул уюм лицензиялар лицензиялык келишим түзбөстөн жалаң сый акыны жыйноо менен гана иш жүргүзүүгө ыйгарым укук алган учурларда пайдалануучулар менен сый акынын өлчөмүн макулдашат (ушул Мыйзамдын 26-статьясы жана 39-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрү)

4) лицензиялык келишимдерде каралган сый акыны жана (же) ушул бөлүктүн 3-пунктунда каралган сый акыны жыйнайт;

5) жыйналган сый акыны уюмдун көрсөткөн автордук жана чектеш укуктардын ээлерине бөлүштүрөт жана төлөп берет;

6) башкаруусун ушундай уюм жүргүзүп жаткан укуктарды коргоо үчүн зарыл болгон ар кандай юридикалык аракеттерди жасайт;

7) автордук жана чектеш укуктардын ээлеринен алган ыйгарым укуктарга ылайык башка аракеттерди жүзөгө ашырат.

Ушул бөлүктүн 4 жана 5 пункттарында каралган милдеттерди жамааттык негизде мүлктүк укуктарды башкарган бирден ашык уюмдун аткаруусуна жол берилбейт.

2. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкарган уюм автордук жана чектеш укуктардын ээлеринин кызыкчылыктары үчүн төмөндөгү милдеттерди аткарууга тийиш:

1) ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда ылайык жыйналган сый акыны жалаң гана автордук жана чектеш укуктардын ээлерине бөлүштүрүү жана төлөп берүү максатында пайдаланылат. Мында уюм жыйналган сый акыдан жыйноо, бөлүштүрүү жана төлөп берүү боюнча өзүнүн факт жүзүндө тарткан чыгымдарынын ордун толтурууга керек болуучу сумманы, ошондой эле ушул уюм тарабынан анын мүчөлөрүнүн чечими боюнча түзүлүүчү атайын фондуларга жумшалуучу сумманы бөлүп алууга укугу бар. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында чыгармаларды жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалануу үчүн интеллектуалдык менчик боюнча Мамлекеттик фондуга чегериле турган каражаттардын өлчөмү белгиленет;

2) сый акынын жыйналган суммасын ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн сумманы бөлүп калуу менен чектеш укуктардын чыгармалары менен объектилерин факт жүзүндө пайдаланууга шайкеш келгидей бөлүштүрөт жана үзгүлтүксүз төлөп турат;

3) сый акыны төлөп берүү менен бир учурда автордук жана чектеш укуктардын ээлерине алардын укуктарын пайдалануу жөнүндө отчет берип турат.

3. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмга ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда ылайык сый акыны жыйноо боюнча ыйгарым укуктарды көрсөтпөгөн автордук жана чектеш укуктардын ээлери, ага берилүүгө тийиш болгон сый акыны төлөп берүүнү талап кылууга, ошондой эле ушул уюмдун пайдалануучуларга берип жаткан лицензияларынан өз чыгармаларын жана чектеш укуктардын объектилерин алып таштоого укугу бар.

(КР 1999-жылдын 6-ноябрындагы № 120, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [45-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-45)  
Кийинки берене: [47-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-47)
