# 45-статья. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдар

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543); 23.03.2020 [Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"](https://aqlex.ai/kg/doc/112032); 27.06.2011 [Закон Жогорку Кенеш Кыргызской Республики от 27 июня 2011 года № 58 О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112240); 06.11.1999 [Закон КР от 6 ноября 1999 года №120 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/283)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/17#diff=1240395..1240396>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 45-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-45

---

1. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруу боюнча ыйгарым укуктар мүлктүк укуктарды укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмга автордук жана чектеш укуктардын ээлери тарабынан кат жүзүндөгү келишимдердин же алардын мындай уюмга мүчөлүгүнүн негизинде, ошондой эле ушундай укуктарды башкаруучу чет өлкөлүк уюмдар менен тийиштүү түрдө түзүлгөн келишимдер боюнча ыктыярдуу түрдө өткөрүлүп берилет. Мындай келишимдер автордук келишим болуп саналбайт жана аларга ушул Мыйзамдын 30-33-статьяларынын жоболору жайылтылбайт.

Кандай гана автор болбосун, анын мураскери же ушул Мыйзамдын III бөлүмүнө ылайык корголуучу автордук жана чектеш укуктардын ээси өзүнүн мүлктүк укуктарын жүзөгө ашырууну мындай уюмга келишим боюнча өткөрүп берүүгө акылуу, ал эми уюм болсо, эгерде укуктардын ушундай категориясын башкаруу ушул уюмдун уставдык ишмердүүлүгүнө тиешелүү болсо ушул укуктарды жамааттык негизде жүзөгө ашырууну өз мойнуна алууга милдеттүү. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруу боюнча уюм коммерциялык иш менен алектенүүгө же жамааттык негизде башкаруу үчүн алынган чектеш укуктардын чыгармаларын жана объектилерин пайдаланууга акысы жок. Жамааттык негизде мүлктүк укуктарды башкаруучу уюмдардын иш-аракети монополия катары каралбайт жана монополияга каршы мыйзамдарда белгиленген чектөөлөргө тиешеси жок.

2. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюм чектеш укуктардын чыгармаларын жана объектилерин пайдалануунун тийиштүү ыкмалары боюнча пайдалануучулар менен лицензиялык келишим түзөт. Мындай лицензиялык келишимдердин шарттары бир категориянын бардык пайдалануучулары үчүн бирдей болууга тийиш. Көрсөтүлгөн уюм пайдалануучу менен лицензиялык келишим түзүүдөн негизсиз баш тартууга акысы жок.

Мындай лицензиялык келишимдер чектеш укуктардын бардык чыгармалары менен объектилеринин аларда каралган ыкмалар менен пайдаланууга уруксат берет жана ушул статьянын 1-бөлүгүнө ылайык уюмга өз ыйгарым укуктарын өткөрүп бербегендерди кошкондо автордук жана чектеш укуктардын бардык ээлеринин атынан берилет. Лицензиялык келишим түзгөн бардык пайдалануучулар тиешелүү тартипте мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда тиешелүү мамлекеттик каттоо күбөлүгүн алууга тийиш. Күбөлүктөрдүн берилгендиги үчүн жыйым Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык алынат. Автордук жана чектеш укуктардын ээлеринин алардын чыгармаларын жана чектеш укуктардын объектилерин мындай лицензиялык келишимдер боюнча пайдалануу туурасындагы пайдалануучуларга карата мүлктүк дооматтары лицензиялык келишимдерди түзгөн уюм тарабынан жөнгө салынышы мүмкүн.

21. Лицензиялык келишимдерди түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 406-статьясына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюм суроо түшпөгөн сый акыны бөлүштүрүлүүчү суммага кошуп же ал уюмдун эсебине келип түшкөн күндөн тартып үч жыл өткөнгө чейин өзү өкүлү болгон автордук жана чектеш укуктардын ээлеринин кызыкчылыгында башка максаттарга жумшап сактап турууга укугу бар.

(КР 1999-жылдын 6-ноябрындагы № 120, 2011-жылдын 27-июнундагы № 58, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-44)  
Кийинки берене: [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-46)
