# 42-статья. Аткаруучунун, фонограмманы даярдоочунун, эфирдик же кабелдик уктуруу уюмунун укуктарын чектөө

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 42-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-42

---

1. Ушул Мыйзамдын 37-41-статьяларынын жоболорунан четтөө менен аткаруучунун жана фонограмманы чыгаруучунун, эфирдик жана кабелдик уктуруу уюмдарынын макулдугун албастан жана сый акы төлөбөстөн аткарууларды, коюлган оюндарды эфирге берүүлөрдү, кабель аркылуу берүүлөрдү жана алардын жазмаларын пайдаланууга, ошондой эле фонограммаларды кайта чыгарууга:

1) аткаруудан, коюлган оюндан, фонограммадан, эфирге же кабель аркылуу берүүдөн чакан үзүндүлөрдү учурдагы окуялар тууралуу баяндамага киргизүү үчүн;

2) жалаң гана окутуу же илимий изилдөө максатында;

3) цитаталоо маалымдоо максатында келтирилген шартта аткаруудан, коюлган оюндан, фонограммадан, эфирде же кабель аркылуу берүүдөн чакан үзүндүлөр түрүндө цитаталарды келтирүү үчүн жол берилет. Мында эфирдик же кабель аркылуу уктуруу уюму тарабынан коммерциялык максатта жарыяланган фонограмманын нускаларын эфирге же кабель аркылуу берүүгө ар кандай пайдаланылышы ушул Мыйзамдын 39-статьясынын жоболорун сактаган учурда гана мүмкүн болот.

4) адабияттын, илимдин жана искусствонун чыгармаларынын авторунун мүлктүк укуктарын чектөө жагынан ушул Мыйзамдын 18-25-статьяларынын жоболору менен белгиленген башка учурларда жол берилет.

2. Ушул Мыйзамдын 37-41-статьяларын жоболорунан алуу менен аткаруучунун, фонограмманы даярдоочунун, эфирдик же кабелдик уктуруу уюмдарынын макулдугун албастан берүүнү жана анын жазмасын эфирге же кабель аркылуу берүүдө пайдаланууга, ошондой эле фонограмманы жеке максатта кайра чыгарууга жол берилет. Фонограмманы кайра чыгарууга ушул Мыйзамдын 26-статьясына ылайык сый акы төлөө шартында жол берилет.

3. Эгерде кыска мөөнөткө пайдалануу үчүн жазып алуу же кайра чыгаруу эфирдик же кабелдик уктуруу уюмунун өз жабдууларынын жардамы менен жана өз берүүлөрү үчүн ишке ашырылса, ушул Мыйзамдын 37-, 38-, 40- жана 41-статьяларынын жоболору аткаруучунун, даярдоочунун жана эфирдик уктуруу уюмунун аткарууну, коюлган оюнду жана берүүнү кыска мөөнөткө пайдалануу үчүн жазып алууга, мындай жазмаларды кайра чыгарууга жана коммерциялык максатта жарыяланган фонограмманы пайдаланууга уруксатын алууга карата:

1) ушул бөлүктүн жоболоруна ылайык жазманы кыска мөөнөткө пайдалануу же мындай жазманы кайра жазуу иш жүзүнө ашырылып жаткан коюлган оюндун өзүн, аткарууну же берүүнү эфирге берүүгө эфирдик уктуруу уюму тарабынан алдын-ала уруксат алынган;

2) ушул Мыйзамдын 24-статьясынын жоболоруна ылайык эфирдик уктуруу уюму тарабынан адабияттын, илимдин жана искусствонун чыгармаларын кыска мөөнөткө пайдаланууга жазып алууга карата белгиленүүчү мөөнөттүн чегинде, жазманын өзгөчө документалдык мүнөзүнүн негизинде расмий архивдерде сакталууга тийиш болгон бирден-бир нускасынан башкасы жок кылынган шарттарда колдонулбайт.

4. Ушул статьяда каралган чектөөлөр фонограмманы, аткарууну, коюлган оюнду, эфирге же кабель аркылуу берүүлөрдү жана алардын жазмаларын, ошондой эле аларга кошулган адабият, илим жана искусство чыгармаларын нормалдуу пайдаланууга зыян келтирбестен жана аткаруучунун, фонограмманы чыгаруучунун, эфирдик же кабелдик уктуруу уюмунун жана көрсөтүлгөн чыгармалардын авторлорунун мыйзамдуу таламдарын чектебестен колдонулат.

---

Мурунку берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-41)  
Кийинки берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-43)
