# 41-статья. Кабелдик уктуруу уюмдарынын укуктары

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 41-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-41

---

1. Ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларда, кабелдик уктуруу уюмуна анын берүүсүнө карата берүүнү каалагандай формада колдонуу жана берүүнү пайдаланууга уруксат берүү боюнча өзгөчө укуктар, мындай уруксатты бергендиги үчүн сый акы алуу укугу менен чогуу таандык кылынат.

2. Берүүнү пайдаланууга уруксат берүү боюнча өзгөчө укуктар кабелдик уктуруу уюмдарынын төмөндөгү аракеттерди:

1) уктуруу уюмунун берүүсүн жалпыга маалымдоо үчүн бир эле учурда кабелдик уктуруунун башка уюмуна кабарлоо;

2) берүүнү эфирге берүү;

3) берүүнү жазуу;

4) берүүнүн жазмасын кайра чыгаруу;

5) берүүнү жалпыга маалымдоо үчүн акы төлөп кирүүчү жайларда кабарлоо сыяктуу жүзөгө ашырууга берген уруксатын билдирет.

3. Кабелдик уктуруу уюмдарынын ушул статьянын 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган өзгөчө укуктары:

берүүнүн жазмасы кабелдик уктуруу уюмунун макулдугу менен жүргүзүлгөн; берүүнү кайра чыгаруу анын жазмасы ушул Мыйзамдын 42-статьясынын жоболоруна ылайык жүргүзүлгөн максаттарды көздөп жүзөгө ашырылган учурларга жайылтылбайт.

---

Мурунку берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-40)  
Кийинки берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-42)
