# 40-статья. Эфирдик уктуруу уюмдарынын укуктары

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 40-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-40

---

1. Ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларда, эфирдик уктуруу уюмуна анын берүүлөрүнө карата берүүнү кандай гана түрдө болбосун колдонуу жана берүүлөрдү пайдаланууга уруксат берүү боюнча өзгөчө укуктар ушундай уруксатты берүү үчүн сый акы алуу укугу менен чогуу таандык кылынат.

2. Берүүлөрдү пайдаланууга уруксат берүү боюнча өзгөчө укуктар эфирдик уктуруу уюмдарына төмөндөгү:

1) уктуруу уюмунун берүүсүн бир эле мезгилде башка эфирдик уктуруу уюмунун эфирге берүүсүн;

2) берүүнү жалпыга маалымдоо үчүн кабель аркылуу кабарлоо;

3) берүүнү жазып алуу ;

4) берүүнүн жазмасын кайра чыгаруу;

5) берүүнү жалпыга маалымдоо үчүн акы төлөп кирүүчү жайларда кабарлоо сыяктуу аракеттерди жүзөгө ашырууга уруксат берүү укугун билдирет.

3. Ушул статьянын 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган эфирдик уктуруу уюмунун өзгөчө укуктары:

берүүнүн жазмасы эфирдик уктуруу уюмунун макулдугу менен жүргүзүлгөн; берүүнү кайра чыгаруу ушул Мыйзамдын 42-статьясынын жоболоруна ылайык анын жазмасын жүргүзүүгө себеп болгон максаттарды көздөп иш жүзүнө ашырылган учурларга жайылтылбайт.

---

Мурунку берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-39)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-41)
