4-статья. Негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 17.03.2023 редакциясы · I бөлүм
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндө көрсөтүлгөн терминдер төмөнкүдөй маанилерге ээ:
1) автор - чыгармачыл эмгеги менен чыгарма жараткан жеке жак;
2) аудиовизуалдык чыгарма - тийиштүү техникалык түзүлүштөрдүн жардамы менен көрүүгө жана угууга (үн менен коштолгон учурда) арналган кадрлардын өз ара байланышкан (үн менен коштолгон же коштолбогон) белгиленген сериясынан турган чыгарма; аудиовизуалдык чыгармалар кинематографиялык чыгармаларды жана кинематографиялык каражаттарга окшош каражаттар аркылуу көрсөтүлгөн бардык чыгармаларды (теле- жана видеофильмдер, диафильмдер менен слайд-фильмдер жана ушул сыяктуу чыгармалар) алардын алгачкы же андан кийинки түшүрүлгөн ыкмаларына карабастан, өзүнө камтыйт;
3) маалыматтар базасы - маалыматтардын (макалалардын, эсептөөлөрдүн жана ушул сыяктуулардын) жыйындысын электрондук эсептөө машинасынын (мындан ары - ЭЭМ) жардамы аркылуу бул маалыматтар табылгыдай жана иштетилгидей түрдө иретке келтирилген берүүнүн жана уюштуруунун объективдүү формасы;
4) бенефициар - төмөнкүдөй адам:
а) азиз болуп саналган;
б) көрүүсү бузулган же болбосо тексттик чыгарманы көрүп кабыл алуу кудуретинин бузулушу же чектелүүсү жок болгон адамдын көрүү функциясына көрүү функциясына эквиваленттүү боло турган өлчөмдө оңдоого мүмкүн болбогон көрүп кабыл алуу же окуу жөндөмдүүлүгү чектелген;
в) кандайдыр-бир дарттардын өзгөчөлүктөрүнөн улам китепти пайдалана албаган же аны пайдалануу абалында болбогон же болбосо кайсы гана болбосун башка бузулууларга карабастан китеп окуу үчүн адатта алгылыктуу даражада көзүн бир жерге токтото албаган же көздөрүн кыймылдата албаган;
5) чыгарманы кайра чыгаруу - чыгарманын же анын бир бөлүгүнүн бир же андан ашык нускаларын кандай гана болбосун материалдык формада, анын ичинде үн жана видео жазуу түрүндө даярдоо, эки өлчөмдүү чыгарманын бир же андан көп нускасын үч өлчөмдө жана үч өлчөмдүү чыгарманын бир же андан көп нускасын эки өлчөмдө даярдоо; чыгарманы ЭЭМдин эстутумуна жазуу да кайра чыгаруу болуп саналат;
6) фонограмманы кайра чыгаруу - фонограмманын же анын бир бөлүгүнүн бир же андан көп нускасын ар кандай материалдык алып жүрүүчүдө даярдоо;
7) ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын кайра чыгаруу - ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын бир же андан көп нускасын ар кандай материалдык формада даярдоо, ошондой эле аларды ЭЭМдин эстутумуна жазуу;
8) ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын жарыкка чыгаруу (жарыялоо) - ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын нускаларын жактардын белгисиз чөйрөсүнө автордун макулдугу менен (анын ичинде ЭЭМдин эстутумуна жазуу жана басма текстти чыгаруу жолу менен) берүү;
9) ЭЭМ үчүн программаны декомпиляциялоо - ЭЭМ үчүн программанын түзүмүн изилдөө жана код коюу максатында объекттик кодду баштапкы текстке өзгөртүп түзүүнү камтуучу техникалык ыкма;
10) жазуу - техникалык каражаттардын жардамы менен үндөрдү жана (же) сүрөттөрдү бир нече жолу кабылдоону, кайра көчүрүүнү же кабарлоону жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүүчү кандайдыр-бир материалдык формада белгилөө;
11) аудиовизуалдык чыгарманы даярдоочу - аудиовизуалдык чыгарманы даярдап чыгаруу үчүн демилгени жана жоопкерчиликти өзүнө алган жеке же юридикалык жак, мында ушул жак аны иш жүзүндө даярдоого, же болбосо ага заказ берип, анын чыгарылышын төлөп берүүгө тийиш; башка далилдер болбосо ал чыгармада ысымы же аталышы демейки түрдө көрсөтүлгөн жеке же юридикалык жак аудиовизуалдык чыгарманы даярдоочу болуп саналат;
12) укуктарды башкаруу жөнүндө маалымат - автордун, чектеш укук ээсинин же кайсы болбосун башка укук ээсинин ушул Мыйзам менен корголуучу чыгармасын же чектеш укуктар объектин бирдейлештирүүчү, укук ээлери тарабынан берилген кайсы болбосун маалымат же болбосо чыгарманын же чектеш укуктар объектинин нускасында камтылган, мындай чыгарманы же чектеш укуктардын объектин жалпыга жеткирүү үчүн кабарлоого байланыштуу ага тиркелген же пайда болгон чыгарманы же башка чектеш укуктардын объектин пайдалануунун шарттары жөнүндө маалымат, ошондой эле ушундай маалымат камтылган кайсы болбосун цифралар жана коддор;
13) аткаруу - чыгармаларды, фонограммаларды, аткарууларды, коюуларды оюн, декламация, ыр, бий аркылуу түздөн-түз аткаруу же техникалык каражаттардын (телерадиоберүүлөр, кабелдик телекөрсөтүү жана башка техникалык каражаттар) жардамы менен көрсөтүү; аудиовизуалдык чыгармалардын кадрларын алардын өз ыраатында (үн менен коштоп же коштобостон) көрсөтүү;
14) аткаруучу - актер, ырчы, музыкант, бийчи же роль аткарган, ырдаган, музыкалык аспапта ойногон же адабият же искусство чыгармаларын (анын ичинде эстрада, цирк же куурчак номерлерин) башкача түрдө аткаруучу башка адам, ошондой эле спектаклдин оюн коюучу режиссеру жана дирижеру;
15) баштапкы текст - кандайдыр-бир компилятор менен кайра иштетүүгө дуушар болбогон, кайсы тилде болбосун программалоонун жазылган тексти;
16) ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын пайдалануу - аларды жарыкка чыгаруу, кайра чыгаруу, таратуу жана чарбалык жүгүртүүгө (анын ичинде модификациялык формада) киргизүү боюнча башка аракеттер. Жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан ЭЭМ үчүн программада же маалыматтар базасында жарыкка чыгарылган билдирүүлөр жөнүндө берүүсү ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын пайдалануу деп таанылбайт;
17) контрафактылык нускалар - даярдалышы жана таратылышы автордук укукту жана чектеш укуктарды бузууга алып келүүчү чыгарманын же фонограмманын нускалары, ошондой эле ушул чыгармалар эч качан корголбогон же корголбой калган өлкөлөрдөн автордук укуктун жана чектеш укуктардын ээлеринин уруксатысыз Кыргыз Республикасына импорттолуп жаткан, Кыргыз Республикасында ушул Мыйзамга ылайык корголуучу чыгармалардын жана фонограммалардын нускалары;
18) ЭЭМ үчүн программаны компиляциялоо - ЭЭМ үчүн программанын түзүмүн изилдөө жана ага код коюу максатында баштапкы текстти объекттик кодго өзгөртүп түзүүнү камтуучу техникалык ыкма;
19) ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын модификациялоо (кайра иштеп чыгуу) - алардын ыңгайлаштыруу болуп саналбаган кандай болбосун өзгөрүүлөрү;
20) автордук жана (же) чектеш укуктардын ээси - автор же аткаруучу мүлктүк укуктарга ээ болгон учурларда, автор же аткаруучу;
а) мүлктүк укуктар өткөрүлүп берилген жеке же юридикалык жак;
б) алгач мүлктүк укуктарга жеке же юридикалык жак ээ болгон учурларда автордон же аткаруучудан башка жеке жак же юридикалык жак;
21) чыгарманы жалпыга жарыялоо - автордун макулдугу менен чыгарманы жарыялоо, жалпыга көрсөтүү, эл алдында аткаруу, эфирде берүү аркылуу же башка жол менен жалпыга маалым кылуу үчүн ишке ашырылган алгачкы ирет жалпы элге жеткирүү аракети;
22) жарыялоо (жарыкка чыгаруу) - жалпы элдин муктаждыгын канааттандыруу үчүн чыгарманын авторунун, фонограмманы чыгаруучунун макулдугу менен чыгарманын, фонограмманын нускаларын жарыкка чыгаруу. Жарыкка чыгаруу деп ошондой эле чыгармага, фонограммага электрондук маалымат системалары аркылуу жетүү мүмкүнчүлүгү түшүнүлөт;
23) объекттик код - баштапкы текстти машиналык кодго өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында алынган программа;
24) эфирге берүү - чыгармаларды, фонограммаларды, аткарууларды, коюлган оюндарды, эфирдик же кабелдик көрсөтүү уюмдарынын берүүлөрүн аларды радио же телекөрсөтүү (кабелдик телекөрсөтүүнү кошпогондо) аркылуу жалпыга маалымдоо (анын ичинде көрсөтүү же аткаруу) үчүн кабарлоо. Чыгармаларды, фонограммаларды, аткарууларды, коюлган оюндарды, эфирдик же кабелдик көрсөтүү уюмдарынын берүүлөрүн эфирге спутник аркылуу бергенде эфирге берүү деп жердеги станциянын сигналдарын спутникке кабыл алуу жана сигналдары спутниктен берүү түшүнүлөт, алар аркылуу чыгармалар, фонограммалар, аткаруулар, коюлган оюндар, эфирдик же кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрү эл аларды иш жүзүндө кабыл алган-албаганына карабастан жалпыга жеткирилиши мүмкүн;
25) эфирдик же кабелдик көрсөтүү уюмдарынын берүүсү - эфирдик же кабелдик көрсөтүү уюмунун өзү тарабынан, ошондой эле анын буюртмасы боюнча анын каражатынын эсебинен башка уюмдар тарабынан түзүлгөн берүү;
26) чыгарманы көрсөтүү - чыгарманын түп нускасын же нускасын түздөн-түз же экранда пленканын, диапозитивдин, телекөрсөтүү кадрынын же башка техникалык каражаттардын жардамы менен көрсөтүү, ошондой эле аудиовизуалдык чыгарманын айрым кадрларын алардын ырааттуулугун сактабастан көрсөтүү;
27) автордук жана (же) чектеш укуктарды пайдалануучулар - автордук укуктун жана чектеш укуктардын объекттерин пайдаланып жаткан ар кандай жеке жана юридикалык жактар;
28) кийин эфирге берүү - мурда эфирге берилген чыгармаларды, фонограммаларды, аткарууларды, коюлган оюндарды, эфирдик же кабелдик көрсөтүү уюмдарынын берүүлөрүн кийин эфирге берүү;
29) ЭЭМ үчүн программа - белгилүү максатка же натыйжага жетишүү үчүн ЭЭМдин жана башка компьютердик түзүлүштөрдүн иштешине арналган, сөздөр, цифралар, коддор, символдор, белгилер же кандайдыр-бир башка форма аркылуу туюнтулган нускамалардын же эрежелердин жыйындысы;
30) декоративдик-колдонмо искусствонун чыгармасы - көркөм өнөр чыгармасын же өнөр жай ыкмасы менен даярдалган чыгарманы кошо эсептегенде, практикалык пайдалануу буюмдарына көчүрүлгөн эки өлчөмдүү же үч өлчөмдүү искусство чыгармасы;
31) фонограмманы өндүрүүчү - аткаруунун же башка үндөрдүн алгачкы ирет добушун жазып алуу үчүн демилгени жана жоопкерчиликти өзүнө алган жеке же юридикалык жак, мында ушул жак аны жеке өзү даярдоого же ага заказ берүүгө жана аны даярдоо үчүн акы төлөөгө тийиш; башкасынын далилдери жок болсо, аты же аталышы ошол фонограммада жана (же) ал салынган кутуда демейки ыкма менен белгиленген жеке же юридикалык жак фонограмманы өндүрүүчү катары таанылат;
32) туунду чыгарма - башка чыгармага негизделген интеллектуалдык чыгармачылыктын продуктусу (котормо, адаптация, инсценировка, кайра түзүү ж.б.);
33) жалпыга көрсөтүү, жалпыга жеткирүү үчүн ачык аткаруу же кабарлоо - эркин кирүү үчүн ачык жерлерде же үй-бүлөнүн демейки чөйрөсүнө таандык болбогон кыйла сандагы адамдар катышкан жерлерде чыгармаларды, фонограммаларды, аткарууларды, коюлган оюндарды, эфирдик же кабелдик көрсөтүү уюмдарынын берүүлөрүн чыгармалар, фонограммалар, аткаруулар, коюлган оюндар, эфирдик же кабелдик көрсөтүү уюмдарынын берүүлөрү аларды кабарлап жаткан жерде же ошол эле мезгилде чыгармалар, фонограммалар, аткаруулар, коюлган оюндар, эфирдик жана кабелдик көрсөтүү уюмдарынын берүүлөрү башка бир жерде кабыл алынып жатканына же жоктугуна карабастан түздөн-түз же техникалык каражаттардын жардамы аркылуу ар кандай көрсөтүү, аткаруу же кабарлоо;
34) спектаклди коюучу режиссер - театр, цирк, куурчак, эстрада же башка спектаклди (оюнду) коюуну ишке ашыруучу адам;
35) репродукциялоо (репрографиялык кайра чыгаруу) - фото көчүрмөлөө аркылуу же басып чыгаруудан башка техникалык каражаттардын жардамы менен жазма жана башка графикалык чыгармалардын түп нускаларынын же көчүрмөлөрүнүн бир же андан ашык нускаларын ар кандай өлчөмдө жана формада факсимилдик кайра чыгаруу; репрографиялык кайра чыгаруу көрсөтүлгөн көчүрмөлөрдү электрондук (анын ичинде санариптик), оптикалык же машина окуй турган формасында сактоону же кайра чыгарууну өзүнө камтыбайт;
36) ретрансляция - бир көрсөтүү уюмунун берүүсүн башка көрсөтүү уюму тарабынан бир эле мезгилде эфирге (кабель боюнча) берүүсү;
37) ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын таратуу - ар кандай материалдык формада кайра чыгарылган ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына жетүү мүмкүндүгүн берүү, анын ичинде тармактык жана башка ыкмалар менен, ошондой эле сатуу, прокат, жалдоого тапшыруу, карызга берүү жолдору менен берүү, анын ичинде ар кандай ушундай максаттар үчүн импорттоо;
38) автордук укукту жана чектеш укуктарды коргоонун техникалык каражаттары - чыгармаларга же чектеш укуктардын объекттерине жетүүнү контролдоочу, автор, чектеш укуктардын ээси же ушул Мыйзамга ылайык корголуучу чыгармага же чектеш укуктардын объектине карата өзгөчө укуктардын башка ээси тарабынан уруксат берилбеген аракеттерди жүзөгө ашырууну болтурбоочу же чектөөчү ар кандай натыйжалуу техникалык түзүлүштөр же алардын компоненттери;
39) прокатка (жалдоого) тапшыруу - түз же кыйыр коммерциялык пайда алуу максатында чыгарманын же фонограмманын нускасын убактылуу пайдаланууга берүү;
40) билдирүү - чыгармалар, фонограммалар, аткаруулар, коюлган оюндар, эфирдик же кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрү жалпы эл тарабынан иш жүзүндө аларды кабылдоого карабастан, алар аркылуу угууга жана (же) көрүүгө жеткиликтүү болуп кала турган (чыгарманын же фонограмманын нускаларын таратууну кошпогондо) көрсөтүү, аткаруу, эфирге берүү же башка аракеттерди жасоо;
41) кабель аркылуу жалпыга жеткирүү үчүн билдирүү - кабелдин, зымдын, оптикалык буланын же ушуларга окшош каражаттардын жардамы менен чыгармаларды, фонограммаларды, аткарууларды, коюлган оюндарды, эфирдик же кабелдик көрсөтүү уюмдарынын берүүлөрүн жалпыга жеткирүү үчүн билдирүү;
42) фонограмма - аткаруулардын же башка үндөрдүн ар кандай материалдык алып жүрүүчүдө кабылданышы, кайра чыгарылышы мүмкүн болгон ар кандай бир гана үн жазмасы;
43) чыгарманын нускасы - чыгарманын ар кандай материалдык формада даярдалган көчүрмөсү;
44) фонограмманын нускасы - фонограммадан түздөн-түз же кыйыр түрдө даярдалган жана ошол фонограммада жазылган үндөрдүн бардыгын же үндөрдүн бир бөлүгүн камтыган фонограмманын ар кандай материалдык алып жүрүүчүдөгү көчүрмөсү;
45) ыйгарым укуктуу уюм - бенефициарларга билим берүү, кесиптик окутуу, адаптациялык окуу же маалыматка жетүү жаатында кызмат көрсөтүүлөрдү пайда албастан көрсөтүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген уюм. Ыйгарым укуктуу уюмга өз ишинин негизги түрлөрүнүн бири катары ушуга окшош кызмат көрсөтүүлөрүн бенефициарларга берүү жагынан иш жүргүзүп жаткан коммерциялык эмес уюмдар да кирет;
46) жеткиликтүү форматтагы нуска - бенефициардын чыгармага жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган, анын ичинде көрүүсү бузулбаган же басылма маалыматты кабылдоо кудурети башкача чектелбеген адам сыяктуу эле ага реалдуу жана ыңгайлуу жетүүгө мүмкүндүк берген чыгарманын альтернативалык түрдөгү же формадагы нускасы.
(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/17/st-4" title="4-статья - Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>