# 39-статья. Фонограмманы даярдоочунун жана аткаруучунун макулдугусуз коммерциялык максаттарда жарыяланган фонограммаларды пайдалануу

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543); 27.06.2011 [Закон Жогорку Кенеш Кыргызской Республики от 27 июня 2011 года № 58 О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112240)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/17#diff=1240395..1240396>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 39-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-39

---

1. Ушул Мыйзамда 37 жана 38-статьяларынын жоболорунан алуу менен коммерциялык максатта жарыяланган фонограмманы чыгаруучунун жана аткаруусу мындай фонограммага жазылган аткаруучунун макулдугун албастан, бирок сый акы төлөө менен:

1) фонограмманы жалпы эл алдында аткарууга;

2) фонограмманы эфирге берүүгө;

3) фонограмманын жалпыга маалымдоо үчүн кабель аркылуу кабарлоого жол берилет.

Жалпыга маалымдалган фонограммалар коммерциялык максатта жарыялангандарга теңештирилет.

2. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган сый акыны чогултуу, бөлүштүрүү жана төлөп берүү фонограммаларды даярдоочулардын жана аткаруучулардын укуктарын жамааттык негизде башкаруучу уюмдардын бири (ушул Мыйзамдын 44-статьясы) тарабынан ушул уюмдардын ортосундагы келишимге ылайык иш жүзүнө ашырылат. Эгерде ал келишимде башкача жагдайлар каралбаса, анда сөз болуп жаткан сый акы фонограмманы даярдоочулар менен аткаруучулардын ортосунда тең бөлүштүрүлөт.

3. Сый акынын өлчөмү жана аны төлөөнүн шарты, бир жагынан, фонограмманы пайдалануучу же ушундай пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) менен, экинчи жагынан, фонограммаларды даярдоочулардын жана аткаруучулардын укуктарын башкаруу боюнча уюмдардын ортосундагы макулдашуу менен аныкталат, ал эми, эгерде тараптар мындай макулдашууга жетише албаган учурда - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

Сый акынын өлчөмү фонограмманы пайдалануунун ар бир түрү үчүн өзүнчө белгиленет.

4. Фонограммаларды пайдалануучулар ушул статьянын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн уюмга фонограммалардын пайдаланылган саны жөнүндө так маалыматы бар программаларды, ошондой эле сый акыларды чогултуу жана бөлүштүрүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтар менен документтерди берүүгө тийиш.

(КР 2011-жылдын 27-июнундагы № 58, 2014-жылдын 21-январындагы № 14, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-38)  
Кийинки берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-40)
