# 38-статья. Фонограмманы даярдоочунун укуктары

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543); 23.03.2020 [Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"](https://aqlex.ai/kg/doc/112032); 27.06.2011 [Закон Жогорку Кенеш Кыргызской Республики от 27 июня 2011 года № 58 О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112240); 05.08.2008 [Закон КР от 5 августа 2008 года № 197 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202411)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/17#diff=1240395..1240396>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 38-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-38

---

1. Ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларда, фонограмманы чыгаруучуга анын фонограммасына карата фонограмманы каалагандай формада колдонуу боюнча өзгөчө укуктар фонограмманы колдонуунун ар бир түрү үчүн сый акы алуу укугу менен чогуу таандык кылынат.

2. Фонограммаларды пайдалануу боюнча өзгөчө укук төмөндөгү:

1) фонограмманы, түз же кыйыр түрдө кайта жазуу;

2) фонограмманы кайра оңдоо же каалагандай ыкма менен кайра иштеп чыгуу;

3) фонограмманын нускаларын таратуу, башкача айтканда аларды сатуу, прокатка берүү жана дагы ушу сыяктуулар;

4) фонограмманы даярдоочунун уруксаты менен даярдалган нускаларын кошо эсептегенде фонограмманы таратуу максатында анын нускаларын импорттоо сыяктуу аракеттерди ишке ашыруу же ишке ашырууга уруксат берүү укугу дегенди билдирет;

5) фонограмманы жалпыга маалымдоо үчүн бардык адамдар фонограммага ар кандай жерден жана каалаган учурда өзүнүн тандоосу боюнча ага жете алгандай мүмкүнчүлүк ала алат (жалпыга маалымдоого жеткирүү укугу);

6) фонограмманы эфирде же кабель боюнча берүү.

3. Эгерде мыйзамдуу түрдө жарыяланган фонограмманын нускалары аларды сатуу аркылуу граждандык карым-катнашка киргизилсе, анда фонограмманы даярдоочунун макулдугусуз жана сый акы төлөбөстөн аларды андан ары таратууга жол берилет.

Фонограмманын нускаларын аларды прокатка берүү жолу менен таратуу укугу, ал нускаларга карата менчик укугуна карабастан, фонограмманы чыгаруучуга таандык кылынат.

4. Фонограмманы даярдоочунун ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган өзгөчө укуктары келишим боюнча башка адамдарга өткөрүлүп бериши мүмкүн.

5. Өзгөчө укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталышы мүмкүн. Келишимдерди каттоо үчүн каттоо жыйымдары Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык алынат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 197, 2011-жылдын 27-июнундагы № 58, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-39)
