# 37-статья. Аткаруучунун укуктары

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543); 23.03.2020 [Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"](https://aqlex.ai/kg/doc/112032); 27.06.2011 [Закон Жогорку Кенеш Кыргызской Республики от 27 июня 2011 года № 58 О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112240); 05.08.2008 [Закон КР от 5 августа 2008 года № 197 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202411)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/17#diff=1240395..1240396>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 37-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-37

---

1. Аткаруучуга ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларда, анын аткаруусуна жана койгон оюнуна карата төмөндөгү жекече мүлктүк эмес жана мүлктүк укуктар таандык; ысымга болгон укук;

аткарууну же коюлган оюнду ар кандай бурмалоодон же аткаруучунун аброюна жана беделине зыян келтирүүгө жөндөмдүү башка кол салуудан коргоо укугу; аткарууну же коюлган оюнду пайдалануунун ар бир түрү үчүн сый акы алуу укугун кошо эсептегенде аткарууну же коюлган оюнду ар кандай формада пайдаланууга укугу.

2. Аткарууну же коюлган оюнду пайдаланууга карата өзгөчө укук төмөндөгү:

1) эгерде берүү үчүн пайдаланылуучу аткаруу же коюлган оюн мурда эфирге берилбесе же жазманы пайдалануу менен жүзөгө ашырылбаса, аткарууну же коюлган оюнду эфирге берүү же кабель аркылуу жалпыга маалымдоо үчүн кабарлоо;

2) мурда жазылбаган аткарууну же коюлган оюнду жазуу;

3) аткаруунун же коюлган оюнду жазмасын кайра чыгаруу;

4) аткаруунун же коюлган оюндун жазмасын, эгерде ушул жазма алгач ирет коммерциялык максаттар үчүн чыгарылбаса, эфирге же кабель аркылуу берүү;

5) аткаруучунун катышуусу менен аткаруу же коюлган оюн жазылган, коммерциялык максатта жарыяланган фонограмманы прокатка берүү сыяктуу аракеттерди иш жүзүнө ашыруу, иш жүзүнө ашырууга уруксат берүү же тыюу салуу укугун билдирет. Ушул укук аткарууну же коюлган оюнду фонограммага жазуу боюнча келишим түзүлгөн учурда фонограмманы чыгаруучуга өтөт; мында аткаруучу мындай фонограммалардын нускаларын прокатка бергендиги үчүн сый акы алуу укугун өзүнө сактап калат (ушул Мыйзамдын 39-статьясынын 2-бөлүгү);

6) аткаруунун же оюндун жазуусу жалпыга маалымдоо үчүн бардык адамдар аткаруунун же оюндун жазуусуна ар кандай жерден жана каалаган учурда өзүнүн тандоосу боюнча ага мүмкүнчүлүк ала турган билдирүүнү (жалпыга маалымдоого жеткирүү укугу);

7) фонограммага жазылган аткаруунун же оюндун түпнускасын же нускаларын сатуу же менчик укугун башка жол менен берүү аркылуу жайылтууга болот. Эгер фонограммага жазылган аткаруунун же оюндун түпнускасы же нускалары, сатуу же менчик укугун башка жол менен берүү аркылуу жарандык колдонууга укуктуу киргизилсе, аларды аткаруучунун макулдугусуз жана сый акы төлөбөй эле Кыргыз Республикасынын аймагында андан ары жайылтууга жол берилет.

3. Ушул статьянын 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган аткаруучунун өзгөчө укугу:

аткаруунун же коюлган оюндун алгачкы жазмасы аткаруучунун макулдугу боюнча жазылган; аткарууну же көрмө чыгарманы кайра чыгаруу аткарууну же коюлган оюнду жазууда аткаруучунун макулдугун алууга себеп болгон максат үчүн иш жүзүнө ашырылган; аткарууну же коюлган оюнду кайра чыгаруу ушул Мыйзамдын 42-статьясынын жоболоруна ылайык жазууну жүргүзүүгө себеп болгон максаттар үчүн иш жүзүнө ашырылган учурларга карата колдонулбайт.

4. Ушул статьянын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн уруксаттар аткаруучу тарабынан берилет, ал эми аткаруучулардын жамааты тарабынан аткарылган учурда пайдалануучу менен жазуу жүзүндө келишим түзүү аркылуу мындай жамааттын жетекчиси тарабынан берилет.

5. Эгерде аткаруучунун эфирдик жана кабелдик уктуруу уюмдары менен түзүлгөн келишиминде түздөн-түз каралбаса, ушул статьянын 2-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн, аткарууларды же коюлган оюндарды кийин берүүгө, берүүлөр үчүн жазма иштерин жүргүзүүгө же мындай жазманы эфирдик жана кабелдик уктуруу уюмдарынын кайра чыгаруусуна карата берилген уруксаттар талап кылынбайт. Мындай пайдалануу үчүн аткаруучуга бериле турган сый акынын өлчөмү да ушул келишимде белгиленет.

6. Аудиовизуалдык чыгарманын аткаруучусу менен даярдоочусунун ортосундагы аудиовизуалдык чыгарманы жаратуу боюнча түзүлгөн келишим аткаруучу тарабынан ушул статьянын 2-бөлүгүнүн 1, 2, 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн укуктарды өткөрүп берүүгө алып келет.

Аткаруучу тарабынан мындай укуктарды берүү аудиовизуалдык чыгарманы пайдалануу менен чектелет жана эгерде келишимде башкача белгиленбесе, аудиовизуалдык чыгармада жазылган үндү же сүрөттөмөнү өзүнчө пайдаланууга карата укукту өзүнө камтыбайт.

7. Аткаруучунун ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган өзгөчө укуктары келишим боюнча башка адамдарга өткөрүлүп бериши мүмкүн.

8. Өзгөчө укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү келишим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталышы мүмкүн. Келишимдерди каттоо үчүн каттоо жыйымдары Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарына ылайык алынат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 197, 2011-жылдын 27-июнундагы № 58, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-36)  
Кийинки берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-38)
