# 36-статья. Чектеш укуктардын субъектилери

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Жогорку Кенеш Кыргызской Республики от 27 июня 2011 года № 58 О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112240)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.06.2011 [Закон Жогорку Кенеш Кыргызской Республики от 27 июня 2011 года № 58 О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112240); 06.11.1999 [Закон КР от 6 ноября 1999 года №120 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/283)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/17#diff=1240390..1240391>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 36-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-36

---

1. Чектеш укуктардын субъектилери болуп аткаруучулар, фонограммаларды чыгаруучулар, эфирдик же кабелдик уктуруу уюмдары саналат.

2. Фонограмманы чыгаруучу, эфирдик же кабелдик уктуруу уюму өздөрүнүн ушул бөлүмдө көрсөтүлгөн укуктарын фонограммага жазылган же эфирде же кабель боюнча берилүүчү чыгарманын аткаруучусу жана автору менен түзүлгөн келишим боюнча алган укуктарынын чегинде иш жүзүнө ашырышат.

Коюлган оюнду пайдаланууга спектаклдин коюучу режиссерунан-алынган уруксат коюлган оюнга катышкан башка аткаруучулардан, ошондой эле аткарылуучу чыгарманын авторунан уруксат алуу зарылдыгын шарттайт.

3. Аткаруучу аткарылып жаткан чыгарманын авторунун укуктарын сактаган шартта гана ушул бөлүмдө көрсөтүлгөн укуктарды иш жүзүнө ашыра алат.

4. Чектеш укуктардын пайда болушу жана аларды иш жүзүнө ашыруу үчүн кандайдыр-бир жол-жоболорду сактоо талап кылынбайт. Фонограмманы чыгаруучу жана аткаруучу өздөрүнүн укуктарын маалымдоо үчүн фонограмманын ар бир нускасына жана (же) ал сакталып турган ар бир кутуда жазылып, үч элементтен:

тегерекчедеги "P" латын тамгасынан - Р ; өзгөчө чектеш укуктардын ээсинин атынан (аталышынан); фонограмманын биринчи жарыяланган жылы турган чектеш укуктардын коргоо белгисин колдонууга укуктуу.

5. (КР 2011-жылдын 27-июнундагы № 58 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө аткаруучу менен фонограмма чыгаруучунун келишимдерине карата, эгер берилүүчү укуктардын маңызынан башкалары келип чыкпаса, ушул Мыйзамдын автордук келишим жөнүндө жоболору колдонулат.

(КР 1999-жылдын 6-ноябрындагы № 120, 2011-жылдын 27-июнундагы № 58 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-35)  
Кийинки берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-37)
