# 33-статья. Буюртманын автордук келишими

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 33-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-33

---

1. Буюртма келишими боюнча жаратылган чыгармага карата жекече мүлктүк эмес укуктар авторго таандык.

2. Буюртмалык чыгарманы пайдаланууга карата өзгөчө укуктар буюртманын автордук келишиминде көрсөтүлгөн тарапка таандык.

3. Буюртманын автордук келишими боюнча автор чыгарманы келишимдин шарттарына ылайык жаратууга жана аны буюртмачыга берүүгө милдеттенет.

4. Буюртмачы келишим менен шартталган сый акынын эсебинен авторго аванс төлөп берүүгө милдеттүү. Аванстын өлчөмү, тартиби жана аны төлөп берүүнүн мөөнөтү тараптардын макулдашуусу боюнча белгиленет.

5. Эгерде автор буюртма чыгарманы буюртма келишиминин шарттарына ылайык өткөрүп бербесе ал буюртмачыга келтирген чыныгы зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-32)  
Кийинки берене: [331-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-331)
