# 311-статья. ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына өзгөчө укуктан ажыратуу жөнүндө келишим. Лицензиялык келишим

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/17#diff=1240395..1240396>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-311>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-311.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 311-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-311

---

1. Чыгармага өзгөчө укуктан ажыратуу жөнүндө келишим боюнча автор же башка укук ээси чыгармага өзүнө таандык болгон өзгөчө укугун бул укукту алуучуга толугу менен өткөрүп берет же өткөрүп берүүгө милдеттенет.

2. Лицензиялык келишим жазуу жүзүндө түзүлөт жана төмөнкүдөй шарттарды камтууга тийиш:

1) өткөрүп берүүчү укуктардын көлөмүн жана ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын пайдалануу ыкмасын;

2) сый акы төлөө тартибин жана өлчөмүн;

3) пайдалануу аймагын;

4) келишимдин колдонулушунун мөөнөтүн.

3. Мүлктүк укуктардан ажыратуу жөнүндө келишим же ЭЭМ үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган программага же маалыматтар базасына лицензиялык келишим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда милдеттүү түрдө катталууга тийиш.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталбаган ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим тараптардын макулдашуусу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталышы мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-31)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-32)
