311-статья. ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына өзгөчө укуктан ажыратуу жөнүндө келишим. Лицензиялык келишим
Күчүндө · 17.03.2023 редакциясы · II бөлүм
1. Чыгармага өзгөчө укуктан ажыратуу жөнүндө келишим боюнча автор же башка укук ээси чыгармага өзүнө таандык болгон өзгөчө укугун бул укукту алуучуга толугу менен өткөрүп берет же өткөрүп берүүгө милдеттенет.
2. Лицензиялык келишим жазуу жүзүндө түзүлөт жана төмөнкүдөй шарттарды камтууга тийиш:
1) өткөрүп берүүчү укуктардын көлөмүн жана ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын пайдалануу ыкмасын;
2) сый акы төлөө тартибин жана өлчөмүн;
3) пайдалануу аймагын;
4) келишимдин колдонулушунун мөөнөтүн.
3. Мүлктүк укуктардан ажыратуу жөнүндө келишим же ЭЭМ үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган программага же маалыматтар базасына лицензиялык келишим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталбаган ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим тараптардын макулдашуусу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталышы мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
311-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
17.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына өзгөчө укуктан ажыратуу жөнүндө келишим. Лицензиялык келишим 1. Чыгармага өзгөчө укуктан ажыратуу жөнүндө келишим боюнча автор же башка укук ээси чыгармага өзүнө таандык болгон өзгөчө укугун бул укукту алуучуга толугу менен өткөрүп берет же өткөрүп берүүгө милдеттенет. 2. Лицензиялык келишим жазуу жүзүндө түзүлөт жана төмөнкүдөй шарттарды камтууга тийиш: 1) өткөрүп берүүчү укуктардын көлөмүн жана ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын пайдалануу ыкмасын; 2) сый акы төлөө тартибин жана өлчөмүн; 3) пайдалануу аймагын; 4) келишимдин колдонулушунун мөөнөтүн. 3. Мүлктүк укуктардан ажыратуу жөнүндө келишим же ЭЭМ үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган программага же маалыматтар базасына лицензиялык келишим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда милдеттүү түрдө катталууга тийиш. 4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталбаган ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим тараптардын макулдашуусу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталышы мүмкүн. (КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/17/st-311" title="311-статья - Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>