# 31-статья. Автордук келишимдин шарттары

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543); 09.03.2017 [Закон КР от 9 марта 2017 года № 42 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в часть II Гражданского кодекса Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111549)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/17#diff=1240395..1240396>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 31-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-31

---

1. Автордук келишим:

1) чыгарманы пайдалануунун ыкмаларын (сөз болуп жаткан келишимге ылайык өткөрүлүп бериле турган айкын укуктар);

2) укуктун өткөрүлүп берилген мөөнөтүн жана аймагын;

3) чыгарманы пайдалануунун ар бир ыкмасы үчүн сый акынын өлчөмүн жана (же) сый акынын өлчөмүн аныктоонун тартибин, аны төлөп берүүнүн тартибин жана мөөнөтүн;

4) тараптар көрсөтүлгөн келишим үчүн маанилүү деп эсептеген башка шарттарды эсепке алууга тийиш.

Укуктун өткөрүлүп берилип жаткан мөөнөтү тууралуу шарттар автордук келишимде жок болгон шартта эгерде пайдалануучу келишимди жокко чыгарууга чейин алты ай мурда кат жүзүндө кабардар болгон болсо, келишим аны түзгөндөн беш жыл өткөн соң автор тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн. Узак мөөнөткө түзүлгөн автордук келишим эгерде пайдалануучу келишим жокко чыгарылганга чейин алты ай мурда ушул туурасында кат жүзүндө кабардар болсо, келишим түзүлгөн күндөн он жыл өткөн соң автор тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн. Ушул Мыйзамдын 30-статьясынын 5-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, мындай укук автордо ар бир он жылда пайда болот. Автордук келишимде укуктун өткөрүлүп бериле турган аймагы тууралу шарт көрсөтүлбөгөн болсо, анда келишим боюнча өткөрүлүп берилген укуктун аракети Кыргыз Республикасынын аймагы менен чектелет.

2. Чыгарманы пайдалануу боюнча автордук келишим аркылуу түздөн-түз өткөрүлүп берилбеген укуктар өткөрүлүп берилген жок деп эсептелет.

Келишим түзүү учурунда белгилүү болбогон чыгарманы пайдалануу укугу автордук келишимдин заты боло албайт.

3. Сый акы автордук келишимде чыгарманы пайдалануунун тиешелүү ыкмасы үчүн келип түшкөн кирешенин проценти түрүндө, же эгерде чыгарманын мүнөзүнө же аны пайдалануунун өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу андай кылууга мүмкүн болбосо келишимде так көрсөтүлгөн суммада же башка жолдор менен аныкталат.

Автордук сый акынын минималдуу өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Автордук сый акынын минималдуу өлчөмдөрү эмгек акынын минималдуу өлчөмдөрү менен кошо индекстелет. Эгерде чыгарманы басып чыгаруу же дагы башкача чыгаруу туурасындагы автордук келишимде сый акы так сумма түрүндө аныкталса, анда келишимде чыгарманын максималдуу тиражы белгиленүүгө тийиш.

4. Автордук келишим аркылуу өткөрүлүп берилген укуктар келишимде түздөн-түз көрсөтүлгөн учурда гана башка адамдарга толугу менен же жарым-жартылай өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

5. Автор келечекте жаратышы мүмкүн болгон чыгарманы пайдалануу укугу автордук келишимдин заты боло албайт.

6. Автордун көрсөтүлгөн темада же көрсөтүлгөн тармакта чыгарма жаратуусуна чек койгон автордук келишимдин шарттары жараксыз деп табылат.

7. Автордук келишимдин ушул Мыйзамдын жоболоруна каршы келген шарттары жараксыз деп табылат.

8. Автордук келишим боюнча бекитилген милдеттерин аткарбаган же тиешелүү түрдө аткарбаган тарап башка тарапка келтирилген чыгашанын ордун толтурууга милдеттүү.

(КР 2017-жылдын 9-мартындагы № 42, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-30)  
Кийинки берене: [311-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-311)
