# 30-статья. Мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү. Автордук келишим

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543); 09.03.2017 [Закон КР от 9 марта 2017 года № 42 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в часть II Гражданского кодекса Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111549)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/17#diff=1240395..1240396>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 30-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-30

---

1. Ушул Мыйзамдын 16-статьясында көрсөтүлгөн мүлктүк укуктар ушул Мыйзамдын 18-26-статьяларында каралгандан башка учурларда, автордук келишим боюнча гана өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

Мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү өзгөчө укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө автордук келишимдин негизинде же өзгөчө эмес укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү автордук келишимдин негизинде иш жүзүнө ашырылышы мүмкүн.

11. ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына мүлктүк укуктар башка жеке же юридикалык жактарга төмөнкүчө өткөрүп берилиши мүмкүн:

1) толугу менен - ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына өзгөчө укуктан ажыратуу жөнүндө келишим боюнча;

2) жарым-жартылай - лицензиялык келишим боюнча.

2. Өзгөчө укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү автордук келишим чыгарманы белгилүү ыкмада жана келишим менен белгиленген чекте ушул укуктар өткөрүлүп берилүүчү адамга гана пайдаланууга уруксат берет жана мындай адамга чыгарманы башка адамдардын андай пайдаланышына тыюу салуусуна укук берет.

Эгерде чыгарманы башка адамдардын пайдалануусуна тыюу салуу укугун өзгөчө укуктар өткөрүлүп берилген адам иш жүзүнө ашыра албаса, ал укукту чыгарманын автору иш жүзүнө ашыра алат.

3. Өзгөчө эмес укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү автордук келишим пайдалануучуга мындай укуктарды өткөрүп берген өзгөчө укуктардын ээси менен жана (же) ушул чыгарманы ушундай эле ыкма менен пайдаланууга уруксат алган башка адамдар менен бирдей укукта пайдаланууга уруксат берет.

4. Автордук келишим боюнча өткөрүлүп берилген укуктар, эгерде келишимде башкача жагдайлар каралбаса, өзгө эмес укук болуп эсептелет.

5. Автор ага таандык чыгарманы ал аныктаган шарттарда жана мөөнөттөрдө акысыз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кандай болбосун адамдарга берүү жөнүндө жалпыга билдирүү жасай алат. Кандай болбосун адам бул чыгарманы автор тарабынан аныкталуучу шарттарда жана мөөнөттөрдө пайдаланууга укуктуу.

Колдонуу мөөнөтүнүн ичинде билдирүү кайра чакырылып алынышы мүмкүн эмес, ал эми чыгарманы пайдалануунун анда каралган шарттары өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. (КР 2017-жылдын 9-мартындагы № 42, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-29)  
Кийинки берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-31)
