# 3-статья. Автордук укукту жана чектеш укуктарды коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/17#diff=1240395..1240396>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 3-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-3

---

1. Автордук укукту жана чектеш укуктарды коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салууну Интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жүзөгө ашырат.

2. Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган автордук жана чектеш укук мамилелери чөйрөсүндөгү мамлекеттик башкарууну жүзөгө ашырат, илим, адабият жана искусство жаатында чыгармачылыкты өнүктүрүү, авторлордун жана чектеш укуктардын ээлеринин толук укуктуулугун, анын ичинде сотко кайрылууга, автордук укуктарды пайдалануу жөнүндө келишимдерди түзүү укуктарын ишке ашыруу үчүн укуктук шарттарды түзүүгө көмөктөшөт, ошондой эле автордук сый акыны чогултууну жана төлөп берүүнү жүзөгө ашырат.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизги милдеттери аткарган кызматтары жана ыйгарым укуктары ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик актылары менен аныкталат. (Абзац КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын маданиятын өнүктүрүү жана авторлордун чыгармачылык ишине көмөк көрсөтүү максатында Интеллектуалдык менчик боюнча Мамлекеттик фонд түзүлөт. Интеллектуалдык менчик боюнча Мамлекеттик фонд тууралу Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-4)
