# 28-статья. Коомдук энчи

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/17#diff=1240395..1240396>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 28-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-28

---

1. Чыгармага автордук укуктун күчүндө болуу мөөнөтүнүн бүтүшү алардын коомдук мүлктүн карамагына өткөндүгүн билдирет.

Кыргыз Республикасынын аймагында эч качан коргоого алынбаган чыгармалар да коомдук мүлктүн карамагына өттү деп эсептелет.

2. Коомдук мүлктүн карамагына өткөн чыгармаларды автордук сый акы төлөбөстөн эле ар кандай адам эркин пайдалана алат. Мында авторлукка болгон укук, ысым алып жүрүүгө укук жана автордун кол тийгистик укугу сакталууга тийиш (ушул Мыйзамдын 15-статьясы).

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан коомдук кенчке өткөн чыгармаларды Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануу үчүн интеллектуалдык менчик боюнча Мамлекеттик фондуга чегериле турган каражаттардын чен-өлчөмдөрү белгиленет.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-27)  
Кийинки берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-29)
