# 26-статья. Чыгарманы автордун макулдугусуз автордук сый акы төлөө менен жекече максаттарда кайра чыгаруу

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543); 27.06.2011 [Закон Жогорку Кенеш Кыргызской Республики от 27 июня 2011 года № 58 О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112240)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/17#diff=1240395..1240396>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 26-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-26

---

1. Ушул Мыйзамдын 16, 37 жана 38-статьяларынын жоболорунан четтөө менен чыгарманын авторунун, аткаруучунун жана фонограммаларды өндүрүүчүнүн макулдугун албастан, бирок аларга сый акы төлөө менен аудиовизуалдык чыгарманы жана чыгарманын үн жазмасын өңчөй жекече максатта кайра чыгарууга жол берилет.

2. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кайра чыгаруу үчүн сый акы төлөө мындай кайра чыгаруу үчүн пайдаланылуучу жабдууну (аудио- жана көргөзмө магнитофондор, башка жабдуулар) жана материалдык каражаттарды (үн- жана (же) көргөзмө тасмаларды жана кассеталарды, лазердик дискаларды, компакт-дискаларды, башка материалдык алып жүрүүчүлөрдү) даярдоочулар же импортточулар тарабынан төлөнөт.

Жабдуулардын жана материалдык алып жүрүүчүлөрдүн тизмеги, ошондой эле тийиштүү каражаттарды чогултуунун өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Ушул сый акыны чогултуу жана бөлүштүрүү авторлордун, фонограммаларды даярдоочулардын жана аткаруучулардын мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкарган уюмдардын бири тарабынан ал уюмдардын ортосундагы келишимдерге ылайык (ушул Мыйзамдын 45-статьясы) жүзөгө ашырылат. Эгер ал келишимде башкача жагдайлар каралбаса, анда көрсөтүлгөн сый акы төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлөт: авторлорго - 40 пайыз, аткаруучуларга - 30 пайыз жана фонограммаларды даярдоочуларга - 30 пайыз төлөнөт.

3. Ушул статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн, экспорттун предмети болгон жабдууларга жана материалдардын алып жүрүүчүлөргө карата, ошондой эле үй шартында аткарууга арналбаган кесиптик жабдууларга карата сый акы төлөнбөйт.

(КР 2011-жылдын 27-июнундагы № 58, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-27)
