# 201-статья. Жеткиликтүү форматтагы нускаларга карата чектөөлөр жана өзгөчөлөнтүүлөр

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 марта 2017 года № 42 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в часть II Гражданского кодекса Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111549)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/17#diff=1240392..1240393>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-201>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-201.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 201-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-201

---

1. Ыйгарым укуктуу уюм автордун макулдугусуз жана автордук сыйакы төлөбөстөн чыгарманын жеткиликтүү форматтагы нускаларын даярдай алат, башка ыйгарым укуктуу уюмдан жеткиликтүү форматтагы нускаларды ала алат жана аларды кандай болбосун ыкмаларда бенефициарларга, коммерциялык эмес прокатты же зым же зымсыз байланыш каражаттары боюнча электрондук билдирүүнү кошо алганда бере алат, ошондой эле төмөнкү шарттарды сактоо менен бул максаттарга жетүү үчүн кандай гана болбосун аракеттерди жасоого:

1) ыйгарым укуктуу уюм чыгармага же чыгарманын нускасына мыйзамдуу жетүүгө ээ болсо;

2) чыгарма жеткиликтүү форматтагы нускага кайра өзгөртүлгөндө, бул өзүнө бенефициарга жеткиликтүү форматтагы маалыматты кароо үчүн зарыл болгон кандай болбосун каражаттарды пайдаланууну камтышы мүмкүн. Мында чыгарманын мазмунун өзгөртүү менен байланышкан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт;

3) мындай жеткиликтүү форматтагы нускалар бенефициарлардын пайдалануусу үчүн гана берилет;

4) чыгарманын жеткиликтүү форматын даярдоо боюнча иш пайда албастан жүзөгө ашырылат.

2. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ишти жүзөгө ашырууда ыйгарым укуктуу уюм:

1) тейленүүчү адамдардын бенефициарларга карата белгиленген талаптарга ылайыктуулугун аныктайт;

2) бенефициарлардын жана (же) башка ыйгарым укуктуу уюмдардын жеткиликтүү форматтагы нускаларды таратуусуна жана берүүсүнө чектөөлөрдү аныктайт;

3) санкцияланбаган нускаларды кайра чыгарууга, таратууга жана берүүгө тоскоол кылуучу чараларды көрөт;

4) чыгармалардын нускалары менен иштөөдө эсепке алууну жүргүзөт.

(КР 2017-жылдын 9-мартындагы № 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-20)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-21)
