# 20-статья. Китепканалардын, архивдердин жана билим берүү мекемелеринин чыгармаларды пайдалануусу

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 марта 2017 года № 42 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в часть II Гражданского кодекса Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111549)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.03.2017 [Закон КР от 9 марта 2017 года № 42 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в часть II Гражданского кодекса Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111549); 27.06.2011 [Закон Жогорку Кенеш Кыргызской Республики от 27 июня 2011 года № 58 О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112240)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/17#diff=1240392..1240393>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 20-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-20

---

1. Автордун макулдугусуз жана автордук сый акы төлөбөстөн, бирок чыгармасы пайдаланылып жаткан автордун ысмын жана өздөштүрүү булагын сөзсүз көрсөтүү менен, пайда табууну көздөбөй бирден нускада:

1) эгер мындай нусканы кадимки шарттарда башка жол менен алуу мүмкүн болбосо, китепканаларга жана архивдерге мыйзамдуу түрдө жарыяланган чыгарманын нускаларын калыбына келтирүү, жоголгон же бузулган нускаларын алмаштыруу, кандайдыр-бир себептер менен өз фондуларынан чыгармаларды жоготуп алган башка китепканаларга чыгармаларды берүү үчүн;

2) окуу жана изилдөө максаттарында китепканалар жана архивдер тарабынан жеке адамдардын суроолору боюнча жыйнактарда, газеталарда жана башка мезгилдүү басылмаларда мыйзамдуу түрдө жарыяланган айрым макалаларды жана чакан көлөмдөгү чыгармаларды, мыйзамдуу түрдө жарык көргөн жазма чыгармаларынын (сүрөттүү же сүрөтсүз) кыска үзүндүлөрүн;

3) окуу, билим берүү жана изилдөө максаттары үчүн билим берүү мекемелери тарабынан жыйнактарда, газеталарда жана башка мезгилдүү басылмаларда мыйзамдуу түрдө жарыяланган айрым макалаларды жана чакан көлөмдүү чыгармаларды, мыйзамдуу түрдө жарыяланган жазма чыгармаларынын (сүрөттүү жана сүрөтсүз) кыска үзүндүлөрүн кайра чыгарууга жол берилет.

2. Автордун макулдугусуз жана автордук сый акы төлөбөстөн, китепканалар тарабынан мыйзамдуу жол менен жарандык колдонууга киргизилген чыгармалардын нускаларын убактылуу акысыз пайдаланууга уруксат берилет. Мында санарип түрүндө берилген чыгармалардын нускалары, анын ичинде китепкана ресурстарын өз ара пайдалануу тартибинде берилүүчү чыгармалардын нускалары санарип түрүндө ушул чыгармалардын көчүрмөлөрүн кайра чыгаруу жана таратуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоо шартында убактылуу пайдаланылууга мүмкүнчүлүк берилет.

(КР 2011-жылдын 27-июнундагы № 58, 2017-жылдын 9-мартындагы № 42 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-19)  
Кийинки берене: [201-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-201)
