# 19-статья. Чыгармаларды автордун макулдугусуз жана автордук сый акы төлөбөстөн туруп пайдалануу

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543); 09.03.2017 [Закон КР от 9 марта 2017 года № 42 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в часть II Гражданского кодекса Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111549)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/17#diff=1240395..1240396>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 19-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-19

---

1. Автордун макулдугусуз жана автордук сый акы төлөбөстөн туруп, бирок чыгармасы пайдаланылып жаткан автордун ысмын жана өздөштүрүү булагын сөзсүз көрсөтүү менен төмөндөгүлөргө:

1) илимий, изилдөөчүлүк, талаш-тартыш, сын жана маалымдоо максатында мыйзамдуу түрдө жарыяланган чыгармалардан, газета-журналдардын басма сөзгө баяндама түрүндөгү макалаларынан үзүндүлөрдү келтирүү менен кошо эсептегенде, цитаталоонун максатын актай тургандай көлөмдө анын өз тилинде жана котормо түрүндө цитата келтирүүгө;

2) мыйзамдуу түрдө жарыяланган чыгармаларды жана алардын үзүндүлөрүн окуу мүнөзүндөгү басылмаларда, радио жана теле берүүлөрдө, электрондук (санариптикти кошо алганда), оптикалык же башка машина окуй ала турган формадагы үн жана көргөзмө жазмаларда, окуунун максатын актаган көлөмдө иллюстрация катары пайдаланууга;

3) учурдагы экономикалык, саясий, социалдык жана диний маселелер боюнча газеталарда же журналдарда жарык көргөн макалаларды же ушундай эле мүнөздөгү эфирге берилген чыгармаларды мындай кайра чыгарууга, эфирге берүүгө же кабель аркылуу кабарлоого автор тарабынан атайын тыюу салынбаган учурларда, аларды газеталарда кайра чыгарууга, эфирге берүүгө же кабель аркылуу кабарлоого;

4) эл алдында чыгып сүйлөнгөн саясий маанидеги сөздөрдү, кайрылууларды, докладдарды жана ушуга окшош дагы башка чыгармаларды маалымдоо максатын актаган көлөмдө газеталарда кайра чыгарууга, эфирге берүүгө же кабель аркылуу кабарлоого. Мында автордо мындай чыгармаларды жыйнактарда жарыялоо укугу сакталып кала берет;

5) учурдагы окуяларга берилген баяндамаларда фотографиялык каражаттардын жардамы менен, эфирге берүү же жалпыга кабарлоо үчүн кабель аркылуу таратуу жолу менен мындай окуялардын жүрүшүндө көрүнүп же угулуп кала турган чыгармаларды, маалыматтын максатын актаган көлөмдө кайра чыгаруу же жалпыга кабарлоого жол берилет. Мында автордо ушундай чыгармаларды жыйнактарда жарыялоого укугу сакталып кала берет;

6) чыгарманын нускаларын жеткиликтүү форматта даярдоого, башка ыйгарым укуктуу органдан жеткиликтүү форматтагы нусканы алууга жана аларды бенефициарларга кандай болбосун ыкмаларда, коммерциялык эмес прокатты кошо алганда же зым же зымсыз байланыш каражаттары боюнча электрондук билдирүүнү берүүгө, ошондой эле бул максаттарга жетүү үчүн кандай гана болбосун аракеттерди жасоого.

11. ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын нускасына толук укуктуу ээ болгон жак ЭЭМ үчүн программанын ар кандай элементинин негизинде турган идеяларды жана принциптерди аныктоо максатында автордун же башка укук ээсинин макулдугусуз жана кошумча сый акы төлөбөстөн 25-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу аркылуу ушундай программанын иштешин үйрөнүүгө, изилдөөгө же сыноого укуктуу.

2. Автордун же автордук укуктун бөлөк ээсинин макулдугусуз жана сый акы төлөбөстөн туруп, тизмеси белгиленген тартипте аныкталуучу, алып кетүү республиканын улуттук таламдарына залал келтире турган чыгармалардан тышкаркы чыгармалардын нускаларын чет өлкөгө жеке адамдын жеке максаттар үчүн гана алып кетишине жол берилет.

(КР 2017-жылдын 9-мартындагы № 42, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-20)
