# 18-статья. Чыгармаларды автордун макулдугусуз жана автордук сый акыны төлөбөстөн жекече максатта кайра чыгаруу

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Жогорку Кенеш Кыргызской Республики от 27 июня 2011 года № 58 О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112240)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/17#diff=1240390..1240391>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 18-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-18

---

1. Автордун макулдугусуз жана автордук сый акы төлөбөстөн туруп ушул Мыйзамдын 26-статьясында каралган учурлардан тышкары жалаң гана жекече максаттарда мыйзамдуу түрдө жарыяланган чыгарманын айрым нускасын кайта чыгарууга жол берилет.

2. Ушул статьянын 1-бөлүгүндөгү жобо:

имараттар жана аларга окшош курулуштар түрүндөгү архитектуралык чыгармаларды кайра чыгарууга; маалымат базаларын же алардын ичинен олуттуу бөлүктөрүн кайра чыгаруу. ЭЭМ үчүн программаларды, ушул Мыйзамдын 25-статьясында каралган учурлардан тышкары кайта чыгарууга; китептерди (толугу менен) жана ноталык тексттерди репродукциялоого карата колдонулбайт; жалпыга маалымдоого жеткирилген, кайра чыгарууга уруксат берилбе- ген ар кандай чыгармага; чыгарманы талапка ылайык пайдаланууга зыян алып келүүчү жана негизделбеген түрдө автордун мыйзамдык кызыкчылыктарын басынткан ар кандай башка чыгармага карата. (КР 2011-жылдын 27-июнундагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-19)
