# 17-статья. Сүрөт искусствосунун чыгармасына жол берүү укугу. Жолун жолдоо укугу

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 17-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-17

---

1. Сүрөт искусство чыгармасынын автору чыгарманын менчик ээсинен өз чыгармасын көчүрүп алуу үчүн мүмкүндүк берүүнү талап кылууга укуктуу (мүмкүндүк алуу укугу). Мында чыгарманын менчик ээсинен чыгарманы авторго жеткирип берүүнү талап кылууга болбойт.

2. Сүрөт искусство чыгармасына карата менчик укугунун автордон башка адамга өтүүсү (акы төлөө менен же бекер) ушул чыгарманын алгачкы сатылышы дегенди билдирет.

Сүрөт искусство чыгармасынын түп нускасын сүрөт искусствосунун мындай чыгармасына карата укуктун алгач ирет башкага өтүшүнөн кийин ачык сатуунун ар бир учурунда (аукцион, сүрөт искусствосунун галереясы, көркөм салон, дүкөн жана дагы ушул сыяктуу) автор же анын мураскорлору сатуучудан ашыра сатуудагы баанын 5 проценти өлчөмүндө сый акы алууга укугу (колдонуу укугу) бар. Ушул көрсөтүлгөн укук автордун көзү тирүүсүндө ээликтен ажыратылбай турган болуп саналат жана автордук укуктун аракет мөөнөтүнүн ичинде анын мураскерлерине гана мыйзам же мурас аркылуу өтүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-18)
