17-статья. Сүрөт искусствосунун чыгармасына жол берүү укугу. Жолун жолдоо укугу
Күчүндө · 17.03.2023 редакциясы · II бөлүм
1. Сүрөт искусство чыгармасынын автору чыгарманын менчик ээсинен өз чыгармасын көчүрүп алуу үчүн мүмкүндүк берүүнү талап кылууга укуктуу (мүмкүндүк алуу укугу). Мында чыгарманын менчик ээсинен чыгарманы авторго жеткирип берүүнү талап кылууга болбойт.
2. Сүрөт искусство чыгармасына карата менчик укугунун автордон башка адамга өтүүсү (акы төлөө менен же бекер) ушул чыгарманын алгачкы сатылышы дегенди билдирет.
Сүрөт искусство чыгармасынын түп нускасын сүрөт искусствосунун мындай чыгармасына карата укуктун алгач ирет башкага өтүшүнөн кийин ачык сатуунун ар бир учурунда (аукцион, сүрөт искусствосунун галереясы, көркөм салон, дүкөн жана дагы ушул сыяктуу) автор же анын мураскорлору сатуучудан ашыра сатуудагы баанын 5 проценти өлчөмүндө сый акы алууга укугу (колдонуу укугу) бар. Ушул көрсөтүлгөн укук автордун көзү тирүүсүндө ээликтен ажыратылбай турган болуп саналат жана автордук укуктун аракет мөөнөтүнүн ичинде анын мураскерлерине гана мыйзам же мурас аркылуу өтүшү мүмкүн.
Берененин тексти 17.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/17/st-17" title="17-статья - Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>