# 16-статья. Мүлктүк укуктар

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543); 21.01.2014 [Закон КР от 21 января 2014 года № 14 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/205235); 27.06.2011 [Закон Жогорку Кенеш Кыргызской Республики от 27 июня 2011 года № 58 О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112240); 05.08.2008 [Закон КР от 5 августа 2008 года № 197 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202411)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/17#diff=1240395..1240396>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 16-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-16

---

1. Авторго анын чыгармасына карата чыгарманы каалагандай формада жана каалагандай ыкмада пайдаланууга өзгөчө укуктар таандык.

2. Чыгармаларды пайдаланууга карата автордук өзгөчө укуктар төмөндөгү иш-аракеттерди:

чыгарманы кайра чыгарууну (кайра чыгаруу укугун); чыгарманын нускаларын кандай жол менен болбосун таркатууну: прокатка берүүнү жана дагы ушул сыяктууларды (таркатуу укугун); ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын жарыкка чыгарууну; ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын модификациялоону, анын ичинде ЭЭМ үчүн программаны же маалыматтар базасын бир тилден башка тилге которууну; чыгарманы таркатуу максатында анын нускаларын, анын ичинде өзгөчө автордук укуктардын ээсинин уруксаты менен даярдалган нускаларды кошо импорттоону (импорт укугун); чыгарманы жалпы элге көрсөтүүнү (жалпы элге көрсөтүү укугун); чыгарманы жалпы эл алдында аткарууну (жалпы эл алдында аткаруу укугун); чыгарманы жалпыга маалымдоо үчүн эфирге берүү жана (же) кийин эфирге берип туруу (эфирге берүү укугун) жолу аркылуу кабарлоону; чыгарманы жалпыга маалымдоо үчүн кабель, зым же башка ушуга окшогон каражаттардын жардамы менен кабарлоону (кабель боюнча жалпыга маалымдоо үчүн кабарлоо укугун); чыгарманы которууну (которуу укугун); чыгарманы кайра оңдоону, же чыгарманы башкача түрдө кайра иштеп чыгуу (иштеп чыгуу укугу) жүзөгө ашыруу, аларга уруксат берүү же тыюу салуу укугун билдирет; чыгарманы жалпыга маалымдоо үчүн бардык адамдар чыгармага ар кандай жерден жана каалаган учурда өзүнүн тандоосу боюнча ага жете алгандай мүмкүнчүлүк ала алат (жалпыга маалымдоого жеткирүү укугу). (Он экинчи абзац КР 2011-жылдын 27-июнундагы № 58 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (он үчүнчү абзац КР 2014-жылдын 21-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Автордун дизайнердик, архитектуралык, шаар куруу жана багбанчылык-сейил бак долбоорлорун пайдаланууга өзгөчө укуктары, ошондой эле мындай долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашырууну камтыйт. Кабыл алынган архитектуралык долбоордун автору, эгерде келишимде башкача каралбаса, буюртмачыдан курулуш үчүн документтерди иштен чыгууда жана имаратты же курулманы курууда өз долбоорун ишке ашырууга катышууга укук берүүнү талап кылууга укуктуу.

3. Эгерде мыйзамдуу түрдө жарыяланган чыгарманын нускалары аларды сатуу аркылуу граждандык карым-катнашка киргизилсе, анда аларды автордун макулдугусуз жана ага сый акы төлөбөстөн андан ары таркатууга жол берилет.

Аудиовизуалдык чыгарманы, ЭЭМ программасын, маалыматтар базасын, фонограммага жазылган чыгарманы, ноталык текст түрүндөгү музыкалык чыгарманы прокатка берүү жолу аркылуу чыгарманын түп нускасын же нускаларын таркатуу укугу ушул нускаларга болгон менчиктөө укугуна карабастан, авторго таандык болот. (үчүнчү абзац КР 2014-жылдын 21-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (төртүнчү абзац КР 2014-жылдын 21-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (бешинчи абзац КР 2014-жылдын 21-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Автор чыгарманын ар бир пайдаланылган түрүнө автордук сый акы алууга укуктуу. Чыгарманын ар бир пайдаланылган түрүнө автордук сый акынын өлчөмү жана эсептөө тартиби автордук келишимде, ошондой эле авторлордун мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруучу уюмдар менен пайдалануучулар түзгөн келишимдерде белгиленет.

5. Ушул статьянын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн авторлордун укуктарына карата чектөөлөр мындай пайдалануу чыгарманы нормалдуу түрдө пайдаланууга негизсиз зыян келтирбей турган жана автордун мыйзамдуу таламдарын негизсиз түрдө кемсинтпей турган шартта, ушул Мыйзамдын 18-26-статьялары тарабынан аныкталат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 197, 2011-жылдын 27-июнундагы № 58, 2014-жылдын 21-январындагы № 14, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-17)
