# 15-статья. Жекече мүлктүк эмес укуктар

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 15-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-15

---

1. Авторго анын чыгармасына карата төмөндөгү жекече мүлктүк эмес укуктар:

автордук укук - чыгарманын автору деп таанылуу укугу; ысымга карата укук - чыгарманы автордун чыныгы аты менен, жашыруун аты менен же атын атабай, башкача айтканда анонимдүү колдонуу же колдонууга уруксат берүү укугу; жарыялоо укугу - чыгарманы кайра чакырып алуу укугун кошо эсептегенде өзүнүн чыгармасын ар кандай формада жарыялоо же жарыялоого уруксат берүү укугу; кол тийбестик укугу - чыгарманын, анын аталышын кошо эсептегенде ар кандай бурмалоолордон же автордун ар намысына жана кадыр-баркына залал келтирүүгө жарамдуу башка кол салуулардан коргоо укугу таандык.

2. Автор чыгармасын жарыялоо жөнүндө мурда кабыл алынган чечимден, мындай чечим аркылуу пайдалануучуга келтирилген зыяндын ордун толтурган шартта баш тартууга (кайра чакырып алуу укугу) укугу бар. Эгерде чыгарма мурда жарыяланса, автор аны кайра чакырып алуу жөнүндө жалпыга кабарландырууга милдеттүү. Мында ал чыгарманын мурда даярдалган нускаларын колдонуудан алып таштоону өз эсебинен жүргүзүүгө акылуу. Кызматка байланыштуу чыгармаларды жаратууда ушул бөлүктүн жоболору колдонулбайт.

3. Жекече мүлктүк эмес укуктар автордун мүлктүк укуктарына карабастан ага таандык жана чыгармаларды пайдалануу боюнча өзгөчө укуктарды бирөөгө берген кезде ал укуктар сакталып кала берет.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-16)
