15-статья. Жекече мүлктүк эмес укуктар
Күчүндө · 17.03.2023 редакциясы · II бөлүм
1. Авторго анын чыгармасына карата төмөндөгү жекече мүлктүк эмес укуктар:
автордук укук - чыгарманын автору деп таанылуу укугу; ысымга карата укук - чыгарманы автордун чыныгы аты менен, жашыруун аты менен же атын атабай, башкача айтканда анонимдүү колдонуу же колдонууга уруксат берүү укугу; жарыялоо укугу - чыгарманы кайра чакырып алуу укугун кошо эсептегенде өзүнүн чыгармасын ар кандай формада жарыялоо же жарыялоого уруксат берүү укугу; кол тийбестик укугу - чыгарманын, анын аталышын кошо эсептегенде ар кандай бурмалоолордон же автордун ар намысына жана кадыр-баркына залал келтирүүгө жарамдуу башка кол салуулардан коргоо укугу таандык.
2. Автор чыгармасын жарыялоо жөнүндө мурда кабыл алынган чечимден, мындай чечим аркылуу пайдалануучуга келтирилген зыяндын ордун толтурган шартта баш тартууга (кайра чакырып алуу укугу) укугу бар. Эгерде чыгарма мурда жарыяланса, автор аны кайра чакырып алуу жөнүндө жалпыга кабарландырууга милдеттүү. Мында ал чыгарманын мурда даярдалган нускаларын колдонуудан алып таштоону өз эсебинен жүргүзүүгө акылуу. Кызматка байланыштуу чыгармаларды жаратууда ушул бөлүктүн жоболору колдонулбайт.
3. Жекече мүлктүк эмес укуктар автордун мүлктүк укуктарына карабастан ага таандык жана чыгармаларды пайдалануу боюнча өзгөчө укуктарды бирөөгө берген кезде ал укуктар сакталып кала берет.
Берененин тексти 17.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/17/st-15" title="15-статья - Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>