# 14-статья. Кызматтык чыгармаларга карата автордук укук

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 14-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-14

---

1. Жумуш берүүчүнүн кызмат тапшырмасын (кызматтык чыгарма) аткаруу иретинде жаралган чыгармага болгон жекече мүлктүк эмес укук кызматтык чыгарманын авторуна таандык болот.

2. Кызматтык чыгарманын тапшырманын максаты жана андан келип чыккан чектер менен шартталган ыкмада пайдаланууга карата өзгөчө укук, эгерде алардын ортосунда түзүлгөн келишимде башкача аныкталбаса, автор менен эмгек мамилелеринде турган адамга (жумуш берүүчүгө) таандык.

Кызматтык чыгарманы пайдалануунун ар бир түрү үчүн автордук сый акынын өлчөмү жана аны төлөөнүн тартиби автор менен жумуш берүүчүнүн ортосундагы келишим менен аныкталат.

3. Жумуш берүүчү кызматтык чыгарманы ар кандай түрдө пайдалануу учурунда өз аталышын көрсөтүүгө же көрсөтүүнү талап кылууга укуктуу.

4. Чыгарманы көрсөтүү учурунан он жыл өткөн соң, ал эми жумуш берүүчүнүн макулдугу менен андан да мурда автордун чыгарманы пайдаланууга жана автордук сый акыны алууга карата болгон укугу жумуш берүүчү менен түзүлгөн келишимге карабастан толугу менен авторго таандык болот.

5. Кызмат милдетин же жумуш берүүчүнүн кызмат тапшырмасын аткаруу иретинде энциклопедияларды, энциклопедиялык сөздүктөрдү, илимий эмгектердин мезгилдүү жана улантылуучу жыйнактарды, газеталарды, журналдарды жана башка мезгилдүү басылмаларды жаратууга (ушул Мыйзамдын 11-статьясынын 2-бөлүгү) ушул статьянын жоболору жайылтылбайт.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-15)
