# 13-статья. Аудиовизуалдык чыгармага карата автордук укук

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 13-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-13

---

1. Төмөндөгүлөр:

сценарийдин автору (сценарист); ошол аудиовизуалдык чыгарма үчүн атайын түзүлгөн музыкалык чыгарманын (тексти менен же текстсиз) автору (композитор); режиссер-коюучу; оператор-коюучу; сүрөтчү-коюучу аудиовизуалдык чыгарманын авторлору болуп саналышат.

2. Аудиовизуалдык чыгарманы жаратууга автордук келишим түзүү ушул чыгарманын авторлорунун аудиовизуалдык чыгарманы даярдоочуга аудиовизуалдык чыгарманы кайра чыгарууга, таратууга, эл алдында аткарууга, жалпы маалымдама үчүн кабель боюнча кабарлоого, эфирде берүүгө же дагы башка маалымдоого, ошондой эле, эгерде келишимде башкача шарт каралбаса, аудиовизуалдык чыгарманын текстин субтитрлөөгө же дубляждоого өзгөчө укукту өткөрүп берүүсүнө алып келет. Ушул көрсөтүлгөн укуктар автордук укуктун аракет мөөнөтүнүн ичинде күчүндө болот.

Аудиовизуалдык чыгарманы даярдоочу ушул чыгарманы ар кандай пайдалануу учурунда өз атын же аталышын атоого, же ушундай атоону талап кылууга укуктуу.

3. Аудиовизуалдык чыгарма үчүн атайын чыгарылган (тексти бар же тексти жок) музыкалык чыгарманын автору аудиовизуалдык чыгарманын эл алдында ар бир аткарылышы, анын жарыяланышы, ошондой эле аудиовизуалдык чыгарманын нускаларын прокатка берүү үчүн сый акы алуу укугун сактап калат.

4. Аудиовизуалдык чыгармага курамдуу болуп кирген, мурда болгон чыгармалардын да (сценарийге негиз болгон романдын автору ж. б.), анын үстүндө иштөө процессинде пайда болгон чыгармалардын да (оператор-коюучу, сүрөтчү-коюучу ж. б.) авторлору ар кимиси өзүнүн чыгармасына автордук укуктан пайдаланышат.

5. Фильмдин авторунун жана фильмге карата башка мүлктүк укуктардын ээлеринин макулдугусуз фильмдин бүткөн вариантын (негативдерин, түп нускадагы жазып алууларды) жок кылып жиберүүгө тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-14)
