# 11-статья. Жыйнактарды жана башка курамдуу чыгармаларды түзүүчүлөрдүн автордук укугу

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 11-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-11

---

1. Жыйнактын жана башка курамдуу чыгармалардын авторуна (түзүүчүгө) чыгармачыл эмгектин натыйжасы (түзүүчүлүк) болгон материалдарды тандап алуу же жайгаштыруу боюнча автордук укук таандык.

Түзүүчү курамдуу чыгармага кошулган чыгармалардын ар биринин авторунун укуктарын сактаган шартта гана ал автордук укуктан пайдаланат. Түзүүчүнүн автордук укугу курамдуу чыгармага кошулган чыгармалардын авторлорунун укуктарына залал келтирүүгө тийиш эмес. Эгерде автордук келишимде башкача көрсөтүлбөсө, курамдуу чыгармага кирген чыгармалардын авторлору, өзүнүн чыгармасын курамдуу чыгармага көз карандысыз пайдаланууга укуктуу. Түзүүчүнүн автордук укугу башка адамдарга өзүнүн курамдуу чыгармаларын түзүү үчүн ошол эле материалдарды өз алдынча тандап алууга же жайгаштырууга тоскоолдук кылбайт.

2. Энциклопедияларды, энциклопедиялык сөздүктөрдү, илимий эмгектердин мезгилдүү жана улантылма жыйнактарын, газеталарды, журналдарды жана башка мезгилдүү басылмаларды басып чыгаруучуга мындай басылмаларды пайдалануу боюнча өзгөчө укуктар таандык.

Басып чыгаруучу мындай басылмаларды кандай гана түрдө болбосун пайдаланууда өзүнүн аталышын көрсөтүүгө же көрсөтүүнү талап кылууга укуктуу. Эгерде келишимде башкача шарттар каралбаса, мындай басылмаларга кошулган чыгармалардын авторлору өз чыгармаларын бүтүндөй басылмага көз карандысыз пайдалануу боюнча өзгөчө укуктарды өздөрүнө сактап калтырышат.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-12)
