Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-статья. Жыйнактарды жана башка курамдуу чыгармаларды түзүүчүлөрдүн автордук укугу
Күчүндө · 17.03.2023 редакциясы · II бөлүм
1. Жыйнактын жана башка курамдуу чыгармалардын авторуна (түзүүчүгө) чыгармачыл эмгектин натыйжасы (түзүүчүлүк) болгон материалдарды тандап алуу же жайгаштыруу боюнча автордук укук таандык.
Түзүүчү курамдуу чыгармага кошулган чыгармалардын ар биринин авторунун укуктарын сактаган шартта гана ал автордук укуктан пайдаланат. Түзүүчүнүн автордук укугу курамдуу чыгармага кошулган чыгармалардын авторлорунун укуктарына залал келтирүүгө тийиш эмес. Эгерде автордук келишимде башкача көрсөтүлбөсө, курамдуу чыгармага кирген чыгармалардын авторлору, өзүнүн чыгармасын курамдуу чыгармага көз карандысыз пайдаланууга укуктуу. Түзүүчүнүн автордук укугу башка адамдарга өзүнүн курамдуу чыгармаларын түзүү үчүн ошол эле материалдарды өз алдынча тандап алууга же жайгаштырууга тоскоолдук кылбайт.
2. Энциклопедияларды, энциклопедиялык сөздүктөрдү, илимий эмгектердин мезгилдүү жана улантылма жыйнактарын, газеталарды, журналдарды жана башка мезгилдүү басылмаларды басып чыгаруучуга мындай басылмаларды пайдалануу боюнча өзгөчө укуктар таандык.
Басып чыгаруучу мындай басылмаларды кандай гана түрдө болбосун пайдаланууда өзүнүн аталышын көрсөтүүгө же көрсөтүүнү талап кылууга укуктуу. Эгерде келишимде башкача шарттар каралбаса, мындай басылмаларга кошулган чыгармалардын авторлору өз чыгармаларын бүтүндөй басылмага көз карандысыз пайдалануу боюнча өзгөчө укуктарды өздөрүнө сактап калтырышат.
Берененин тексти 17.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/17/st-11" title="11-статья - Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>