# 10-статья. Авторлоштук

- Документ: [Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/17)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 14-январындагы № 6 "Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 14.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Жогорку Кенеш Кыргызской Республики от 27 июня 2011 года № 58 О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112240)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/17#diff=1240390..1240391>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-6/edition/1240385/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/17/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө, 10-статья (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-10

---

1. Эки же андан ашык автордун чыгармачыл эмгеги менен түзүлгөн чыгармага автордук укук мындай чыгарма бир бүтүн чыгарманы түзгөндүгүнө же ар бири өз алдынча мааниге ээ болгон бөлүктөрдөн тургандыгына карабастан авторлошторго бирдей таандык болот.

Эгерде чыгарманын бир бөлүгү ушул чыгарманын башка бөлүктөрүнө карабастан пайдаланылышы мүмкүн болсо, ал өз алдынча мааниге ээ деп таанылат. Эгерде алардын ортосундагы макулдашууда башкача каралбаса, авторлоштордун ар бири өз алдынча мааниге ээ болгон чыгарманын өзү түзгөн бөлүгүн өзүнүн кароосу боюнча пайдаланууга укуктуу.

2. Авторлоштордун ортосундагы мамилелер, эреже катары, макулдашуунун негизинде аныкталат. Мындай макулдашуу жок болгон учурда чыгармага автордук укук бардык авторлор тарабынан чогуу жүзөгө ашырылат, ал эми акчасы алардын ортосунда тең бөлүштүрүлөт.

Эгерде авторлоштордун чыгармасы бир бүтүндүктү түзсө, анда буга жетиштүү негиздер болбогондо авторлоштордун бири чыгарманы пайдаланууга тыюу салууга укуксуз.

3. Авторлоштордун ар бири өз атынан же башка авторлоштордун макулдугун албастан, эгерде алардын өз ара макулдашуусунда башкача каралбаса, өзүнүн укугун коргоого байланыштуу чараларды көрүүгө укуктуу.

(КР 2011-жылдын 27-июнундагы № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/17/st-11)
