# Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июлундагы № 95 «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр Жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июлундагы № 95 «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр Жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 95
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.07.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1693>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1622/edition/284914/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1693.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.07.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июлундагы № 95 «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр Жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Мыйзамы (04.07.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1693

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 4-июлундагы № 95

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ МЫЙЗАМЫ

«Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр Жана

толуктоолор киргизүү тууралуу

2005-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья. «Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө" Кыргыз](https://aqlex.ai/kg/doc/1693/st-1)

Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

ведомосттору, 2002-ж., № 9, 409-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана

толуктоолор киргизилсин:

1. 1-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү жеке жана юридикалык жактарга

убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берилген, жер участоктору

(башка жаратылыш объекттеринен тышкары) кошо кирген колдонулбоочу

буюмдарга кирүүчү мүлк лизинги болуп саналат.

2. 2-статьядагы «лизинг келишими» деген түшүнүк төмөнкүдөй

редакцияда баяндалсын:

«лизинг келишими - ушул келишимге ылайык ижарага берүүчү (мындан

ары - лизинг берүүчү) ижарага алуучу (мындан ары - лизинг алуучу)

тарабынан көрсөтүлгөн мүлктү өзү (лизинг алуучу) аныктаган сатуучудан

менчикке сатып алуута жана лизинг алуучуга ал мүлктү акы төлөп

убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүтө милдеттенген

келишим.

Мында лизинг келишими төмөнкүдөй бир же андан көп белгилерди

камтууга тийиш, алар:

- лизинг келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин лизингдин предмети

лизинг алуучунун менчигине өтөт;

- лизинг келишиминде лизинг алуучунун лизингдин предметин лизинг

келишими аяктагандан кийин лизинг келишиминде көрсөтүлгөн баа боюнча

сатып алуу укугу каралган;

- лизинг келишиминин мөөнөтү лизингдин предметинин экономикалык

кызмат өтөө мөөнөтүнүн төрттөн үчүнөн ашык эмес (мындай учурда менчик

укугу-лизинг алуучуга өткөрүп берилбеши хмүмкүн);

- рыноктук ставка боюнча аныкталган лизингдик төлөмдөрдүн суммасы

лизингдин предметинин наркынын 90 процентинен кем эмес болууга тийиш;

- лизингдин предмети негизги каражат болуп эсептелет жана өзгөчө

мүнөзгө ээ, ошондуктан аны лизинг алуучу гана орчунду

модификациялоосуз пайдалана алат:

Лизинг келишиминде сатуучуну жана сатып алынуучу мүлктү лязинг

берүүчүнүн тандоосу каралышы мүмкүн.».

3. 3-статьянын 2 - пунктундагы «Жер участогу жана башка жаратылыш

объекттери» деген сөздөр «жер участокторунан башка жаратылыш

объекттери» деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 4 —статьяда:

экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы «жеке же юридикалык жак» деген

сөздөр «мыйзамда аныкталган тартипте ишкердик жүргүзгөн жеке адам же

юридикалык жак» деген сөздөргө алмаштырылсын;

төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«-сатуучу — лизингдин предмети болгон мүлктү белгиленген мөөнөттө

лизинг алуучуга сатуучу жеке адам же юридикалык жак.».

5. 6-статья күчүн жоготту деп эсептелсин.

6. 7-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7-статья. Лизингдин формалары жана түрлөрү

Ички лизинг - лизингдин формасы, мында лизинг берүүчү жана лизинг

алуучу Кыргыз Республикасынын резиденттери болушат.

Эл аралык лизинг - лизингдин түрү, мында лизинг берүүчү жана лизинг

алуучу Кыргыз Республикасынын резиденттери болушпайт.

Кайтарма лизннг - лизингдин түрү, мында сатуучу лизингдик бир

укуктук мамиленин чегинде бир эле учурда лизинг алуучу катары чыга

алат:

Сублизинг - лизингдин түрү, мында лизинг алуучу (лизинг берүүчү)

ушул Мыйзамга жана лизинг келишимине ылайык мурда лизинг берүүчүдөн

лизинг келишими боюнча алынган жана лизингдин предметин түзгөн мүлктү

сублизинг келишимине ылайык акы жана мөөнөт менен үчүнчү жакка

(сублизинг алуучута) убактылуу ээлик кылууга жана ишкердик максат үчүн

пайдалануута өткөрүп берет. Мында сублизинг берүүчү жана сублизинг

алуучу лизинг берүүчү жана лизинг алуучу катары чыгышат жана ушул

Мыйзамда лизингдик бүтүмдүн ушул катышуучулары үчүн аныкталган

укуктарга ээ болушат жана милдеттерди алышат. Сублизинг келишиминин

мөөнөтү лизинг келишиминин мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.

Экинчи лизинг - лизингдин түрү, мында лизинг берүүчүнүн менчигинде

калган лизингдин предмети лизинг келишими токтотулган же бузулган

учурда ушул Мыйзамга ылайык башка лизинг алуучуга лизингге берилет.

Лизингдин мындай предметин лизингге кийинки берүүдө сатуучуну жана

лизингдин предметин лизинг берүүчү тандаган деп эсептелет.".

7. 8-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен

толукталсын:

«- лизингдин предметин жана сатуучуну тандоочу жакты көрсөтүү:».

- бешинчи абзац алтынчы абзац деп эсептелсин.

8. 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«9-статья. Лизинг келишимин өзгөртүү жана ажыратуу

Лизинг келишимин өзгөртүү жана бузуу лизинг келишиминде же Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана учурларда ишке

ашырылат.".

9. 10-статьяда:

- 1 - пункттун «д» пунктчасында жана 2 - пункттун «а» пунктчасында

«лизинг жөнүндө келишим» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү «лизинг

келишими» деген сөздөргө алмаштырылсын;

2- пункт төмөнкүдөй мазмундагы «в» пунктчасы менен толукталсын:

«в) экинчи лизингде тийиштүү келишимине кол коюлган учурдан баштап

30 күндүн ичинде сатуучуга лизинг алуучунун өзгөргөнү жөнүндө

кабарлоого.».

10. 11- статьяда:

1- пунктунда:

- «б» жана «г» пунктчаларындагы «объектисин» деген сөз «предметин»

деген сөзгө алмаштырылсын;

- «в» пунктчасы «лизинг предметин алмаштырууну» деген сөздөрдөн

кийин «же» деген сөз менен толукталсын;

- «в» жана «д» пунктчалары «эгер лизинг келишиминде башкача

каралбаса» деген сөздөр менен толукталсын.

- «е» пунктчасындагы «субижарага (субарендага)» деген сөз

«сублизингге» деген сөзгө алмаштырылсын;

2 - пункттун «б» жана «д» пунктчаларындагы «объект» деген сөз

тийиштүү жөндөмөдөгү «предмет» деген сөзгө алмаштырылсын.

11. 13 - статьянын 4 - пунктундагы «келтирилген чыгымдар» деген сөз

«келтирилген зыян» деген сөзгө алмаштырылсын.

12. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«19-статья. Лизингдин предметин камсыздандыруу

Тараптар лизингдин предметин, ошондой эле лизинг келишимине

байланыштуу башка тобокелдерди камсыздандыруунун бардык түрлөрүн

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырууга

укуктуу.».

13. 20-статья төменкүдөй редакцияда баяндалсын:

«20 —статья. Лизинг предметик тескөө

1. Лизинг берүүчү эгер лизинг келишиминде башкача каралбаса, лизинг

алуучуга жазуу жүзүндө кабарлоо менен лизингдин предметин өз

каалоосуна жараша пайдаланууга укуктуу.

2. Эгер лизинг келишиминде башкача каралбаса, лизинг алуучу лйзинг

берүүчүнүн макулдуту менен лизингдин предметин сублизингге берүүгө,

лизинг келишими боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка жакка

өткөрүп берүүгө, ошондой эле өзүкүн лизинг алуучулук укугун күрөөгө

коюуга жана чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык

капиталына салым катары же өндүрүштүк кооперативге пайлык взнос катары

кошуута укуктуу.».

14. 21-статьянын 1-пунктунда:

- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Лизинг келишими боюнча берилген лизингдин предметин пайдалангандык

үчүн акыны лизинг алуучу лйзинг берүүчүгө төлөнүүчү лизингдик төлөмдөр

катары берет.»;

-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен

толукталсын:

«Лизингдик төлөмдөр лизинг алуучунун лизинг берүүчүгө лизингдин

предметин алууга кеткен сарптоолорунун баарынан же көпчүлүк бөлүгүнөн,

ошондой эле лизингдин предметин берүүгө жана аны арналышы боюнча

пайдаланууга жарактуу абалга келтирүүгө байланыштуу башка

сарптоолордон жана лизинг берүүчүнүн проценттик кирешесинен турат.

Лизингдик төлөмдөрдүн өлчөмү, ыкмасы, формасы жана мезгилдүүлүгү

лизинг келишими менен белгиленет.».

- экинчи абзац төртүнчү абзай деп эсептелсин.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1693/st-2)

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президентинин милдетин аткаруучу К.Бакиев
