# КР 1999-жылдын 9-январы № 2 ""Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасыны Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 9-январы № 2 ""Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасыны Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 09.01.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.03.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/169>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-156/edition/619831/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/169.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.03.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 1999-жылдын 9-январы № 2 ""Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасыны Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Мыйзамы (02.03.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/169

---

КР 2015-жылдын 2-мартындагы № 44 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1999-жылдын 9-январы № 2

"Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасыны Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/169/st-1)

"Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, № 3, 72-ст.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 5-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Тамак-ашка кирбеген спиртти жүгүртүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн же ал ыйгарым укук берген органдын контролу астында жүргүзүлөт. Тамак-ашка кирбеген спирттин ченемдик документтердин талаптарына ылайык келишине баа берүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясы республиканын бажы аймагына тамак-ашка кирбеген спирттин иш жүзүндө келип түшүүсү жөнүндө маалымдоого милдеттүү".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/169/st-2)

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
