# Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июлундагы № 89 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июлундагы № 89 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1687>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1616/edition/284908/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1687.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июлундагы № 89 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1687

---

КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 4-июлу № 89

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана

толуктоо киргизүү тууралу

2005-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья. "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз](https://aqlex.ai/kg/doc/1687/st-1)

Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 230а-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана

толуктоо киргизилсин:

5-статьянын биринчи бөлүгүнө:

экинчи абзацтагы "жана андан ары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

киргизүү" деген сөздөр алынып салынсын;

бөлүк төмөндөгүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

" - мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын коопсуз, туруктуу

жана ишенимдүү өкмөттүк байланыш менен камсыз кылуу;";

алтынчы абзац жетинчи абзац болуп эсептелсин.

### [2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө](https://aqlex.ai/kg/doc/1687/st-2)

кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин

милдетин аткаруучу К.Бакиев
