Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусунун «Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы Указына өзгөртүү киргизүү тууралу» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-10-15.
УТРАТИЛ СИЛУ
(В соответствии Указа Президента КР
от 15 октября 2005 года № 462)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 18-апрели, ПЖ № 105
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН
ЖАРЛЫГЫ
«Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра
уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы
Указына өзгөртүү киргизүү тууралу
1. «Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000 - жылдын
декабрындагы № 363 Указынын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына Кыргыз
Республикасынын Премьер - министри, биринчи вице-премьер-министри -
транспорт жана коммуникациялар министри, үч вице-премьер-министри,
министрлери, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу
жана регионалдык өнүктүрүү иштери боюнча министри, Кыргыз
Республикасынын эларалык интеграция жана кызматташтык иштери боюнча
министри, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагалары
кирет.
Премьер-министрдин аппаратынын жетекчиси кызмат орду боюнча Кыргыз
Республикасынын министри болуп саналат.».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктан келип чыккан
уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.10.2005 · № 462 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Указ Президента КР от 28 декабря 2000 года УП №363 "О реорганизации центральных органов государственного управления"Указ · 28.12.2000 · № 363 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.10.2005 · № 462 · Күчүн жоготкон