# 9-статья. Билим берүү тармагынын органдары жана окуу жайлары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1679)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июнундагы № 82 "Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 5 мая 2021 года № 60 "Об основах профилактики правонарушений"](https://aqlex.ai/kg/doc/112231)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 января 2015 года № 26 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О профилактике правонарушений в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205448)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1679#diff=799468..799469>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1679/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1608/edition/799466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1679/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө, 9-статья (27.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1679/st-9

---

Билим берүү тармагынын органдары жана окуу жайлары:

- окуучулар арасында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана КААБ менен өз ара байланышта аракеттенишет;

- окуучуларды укуктук жактан окутууну жана тарбиялоону, калк арасында юридикалык билимдерди жайылтууну камсыз кылышат;

- укук бузууга жол берген окуучулар (студенттер), балдарды тарбиялоо боюнча өз милдеттерин аткарышпаган жана аларга терс таасирин тийгизип жаткан ата-энелер (аларды алмаштыруучу адамдар) тууралу ички иштер органдарына кабарлап турушат;

- ички иштер органдары менен бирдикте алдын алуу боюнча каттоого алынган окуучулар (студенттер) жана ата-энелери (аларды алмаштыруучу адамдар) менен жекече алдын алуу чараларын жүзөгө ашырышат;

- тарбиялоонун өзгөчө шарттарына муктаж балдар менен өспүрүмдөр үчүн атайын окуу-тарбиялоо жана жалпы билим берүүчү мектептердин жана атайын кесиптик-техникалык окуу жайлардын ачылышын жана иштешин камсыз кылышат;

- окуудан баш тарткан мектеп жашындагы өспүрүмдөрдү окууга тартуу боюнча чараларды көрүшөт;

- зарыл учурларда өспүрүмдөр менен жаштарга социалдык жактан жардам берүү фонддорун түзүшөт жана алардын иштерине катышышат.

(КР 2015-жылдын 26-январындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1679/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1679/st-10)
