# 7-статья. Укук коргоо органдарынын Координациялык кеңешмелери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1679)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июнундагы № 82 "Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 5 мая 2021 года № 60 "Об основах профилактики правонарушений"](https://aqlex.ai/kg/doc/112231)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 января 2015 года № 26 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О профилактике правонарушений в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205448)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1679#diff=799468..799469>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1679/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1608/edition/799466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1679/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө, 7-статья (27.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1679/st-7

---

Мамлекеттик органдардын, өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча иш-аракеттери укук коргоо органдарынын Координациялык кеңешмелери тарабынан уюштурулат жана координацияланат. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча укук коргоо органдарынын Координациялык кеңешмелери областтык, шаардык, райондук мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын алдында түзүлөт. Зарыл болгондо ошондой эле Координациялык кеңештер айыл өкмөтүнүн алдында түзүлөт. Укук коргоо органдарынын укук бузуулардын алдын алуу боюнча бардык деңгээлдеги Координациялык кеңешмелери ушул Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын жана башка чечимдеринин негизинде аракеттенишет. Укук коргоо органдарынын Координациялык кеңешмелери:

- укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштерди уюштурушат;

- укук коргоо органдарынын, эмгек жамааттарынын, коомдук бирикмелердин, КААБдын жана жарандардын укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-аракеттерин координациялашат;

- криминологиялык иликтөөлөрдү даярдоону, өткөрүүнү жана алардын жыйынтыктарынын негизинде - укук бузуулардын алдын алуунун комплекстүү жана башка программаларын иштеп чыгышат жана алардын ишке ашырылышына контролду жүзөгө ашырышат;

- калк арасында, анын ичинде КААБ аркылуу укуктук окууларды жана юридикалык жардамдарды уюштурушат;

- колдонуудагы мыйзамдарга ылайык укук бузуулардын алдын алуу боюнча дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышат.

(КР 2015-жылдын 26-январындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1679/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1679/st-8)
