# 19-статья. Укук бузууларды жекече алдын алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1679)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июнундагы № 82 "Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 5 мая 2021 года № 60 "Об основах профилактики правонарушений"](https://aqlex.ai/kg/doc/112231)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 июля 2012 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203714)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1679#diff=799467..799468>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1679/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1608/edition/799466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1679/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө, 19-статья (27.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1679/st-19

---

Жекече алдын алууну жүзөгө ашыруу укук коргоо органдарынын гана компетенциясы болуп саналат. Жекече алдын алуу чаралары мурда укук бузган жана кылмыш жасаган, ошондой эле коомго каршы жүрүм-туруму боюнча укукка каршы жосундарды жасашынын күтүлүүсү мүмкүн болгон адамдарга багытталган. Жекече алдын алуу төмөнкүдөй жол менен жүзөгө ашырылат:

- алдын алуу чараларын колдонууга муктаж болгон адамдарды каттоо;

- алдын алуу чараларын көрүү укугуна ээ органдарга чакыруу, болбосо органга расмий түрдө алып келүү менен алдын алуу аңгемелешүүлөрүн өткөрүү;

- укукка каршы жүрүм-турумдун жол берилбестиги жана анын кесепеттери туурасында расмий эскертүү;

- адамдын жашаган, иштеген, окуган жеринде жашоо ыңгайын, жүрүм-турумун текшерүү;

- ушул Мыйзамдын 21-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө каралган административдик көзөмөлдү коюу.

Жашы жете электерге төмөнкүдөй чаралар колдонулушу мүмкүн:

- ушул Мыйзамдын 21-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралган алдын алуу көзөмөлдүгү;

- дарылоо-тарбиялоо мекемелерине, атайын мектептерге жана атайын кесиптик-техникалык училищаларга, жашы жете электер үчүн көнүгүү жана калыбына келтирүү борборлоруна жиберүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укук бузууларды алдын алуунун башка чаралары.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1679/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1679/st-20)
