# 18-статья. Укук бузуулардын жалпы алдын алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1679)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июнундагы № 82 "Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 5 мая 2021 года № 60 "Об основах профилактики правонарушений"](https://aqlex.ai/kg/doc/112231)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 июля 2012 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203714)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1679#diff=799467..799468>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1679/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1608/edition/799466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1679/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө, 18-статья (27.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1679/st-18

---

Укук бузуулардын жалпы алдын алуу республикадагы укук бузуулардын себептери менен шарттарын жоюуга (токтотууга) багытталган. Укук бузуулардын жалпы алдын алуу төмөндөгүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:

- укук бузуулардын конкреттүү түрлөрүн социалдык терс көрүнүш катары аныктоо жана изилдөө;

- айрым укук бузуулардын себептерин жана алардын жасалышына ыңгай түзүүчү шарттарды табуу жана жоюу, укук-бузуулардын жасалышына объективдүү мүмкүндүк берүүчү же жасалышын оңойлотуучу кырдаалдарды жоюу;

- укук бузуулардын алдын алуунун комплекстүү пландарын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

- укук коргоо органдарынын тергөөсүнүн жана сот акыйкаты органдарынын териштирүүсүнүн жүрүшүндө аныкталган айрым укук бузуулардын жана кылмыштардын жасалышына түрткү болгон себептер менен шарттарды жоюу;

- укук бузуу маселелери боюнча укуктук билимдерди жайылтуу, калкты окутуу жана тарбиялоо, укук бузуулардын алдын алууга тийиштүү коомдук пикирди, жалпыга маалымдоо каражаттарынын материалдарын, кызмат адамдарынын, коомчулуктун өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүн, жарандардын каттары менен арыздарын изилдөө;

- айрым кылмыш иштерин кароо боюнча соттун көчмө жыйналышын калктын кеңири катмарын катыштыруу менен кылмыш жасалган жерде өткөрүү;

- укук бузууларга түрткү болгон себептер менен шарттарды аныктоо, алдын алуу иштеринин абалын аныктоо жана тийешелүү иш-чараларды иштеп чыгуу максатында ишкана, мекеме, уюмдарда текшерүүлөрдү өткөрүү;

- калк алдында мезгил-мезгили менен укук бузуулар жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча аткарылган иштер туурасында ички иштер органдарынын отчетторун өткөрүү;

- оперативдүү алдын алуунун комплекстүү иш-чараларын өткөрүү;

- турмуштук оор кырдаалда калган үй-бүлөлөргө жана балдарга турмуштук оор кырдаалдан чыгуу боюнча жардамдарды көрсөтүү.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1679/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1679/st-19)
