# 17-статья. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик жана башка субъекттердин негизги милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1679)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июнундагы № 82 "Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 5 мая 2021 года № 60 "Об основах профилактики правонарушений"](https://aqlex.ai/kg/doc/112231)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1679/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1608/edition/799466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1679/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө, 17-статья (27.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1679/st-17

---

Ушул Мыйзамдын 6-статьясында аныкталган мамлекеттик жана башка субъекттердин негизги милдеттери төмөнкүлөрдөн турат:

- өз компетенцияларынын чектеринде укук бузуулардын алдын алуу, жалпы жана жекече алдын алуу чараларын жүзөгө ашырууда укук коргоо органдары менен бирдикте иш жүргүзүү, алардын суроо-талаптары боюнча укук бузуулардын алдын алуу боюнча маалыматтарды берүү;

- өз алдынча фонд түзүү же социалдык жардам көрсөтүүнүн башка фонддорунун иштерине катышуу;

- тармакта же башкаруу чөйрөсүндө алдын алуу иштерин камсыз кылуунун ресурстук (финансылык, метериалдык-техникалык жана башка) камсыз кылынышын уюштуруу.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1679/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1679/st-18)
