Аккаунтту тууралаңыз

121-статья. Коомдук алдын алуу борборлору

Күчүн жоготкон · 27.04.2017 редакциясы · II бөлүм

Берененин тексти 27.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.

121-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?

ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.

Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.

Берененин өзгөртүүлөр тарыхы

Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.

  1. Закон КР от 26 января 2015 года № 26 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О профилактике правонарушений в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
26.01.2015 редакциясында эмне өзгөрдү

Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.

кошулду: Коомдук алдын алуу борборлору Коомдук алдын алуу борбору - коммерциялык эмес коомдук уюм, ал укук бузуулардын алдын алуу ишине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандардын биргелешип катышуусун камсыз кылуу максатында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарында, ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ыйгарым укуктардын алкактарында түзүлөт. КААБ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан шаардын жана айыл аймактарында түзүлөт. КААБ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөргө укуктуу: - юридикалык жак катары түзүлүүгө, банктарда эсеп ачууга, тийиштүү реквизиттерге, мөөргө жана бланктарга ээ болууга; - жалпы максаттарга жетүү үчүн ассоциацияларды жана бирикмелерди түзүүгө; - ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга; - гранттарды жана башка трансферттерди алуу, анын ичинде эл аралык уюмдардан жана мекемелерден алуу максатында укук бузуулардын алдын алууну жүзөгө ашыруу маселелери боюнча ар түрдүү программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга. КААБдын иш-аракети төмөнкүдөй булактардан каржыланышы мүмкүн: - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү бюджеттен; - юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн; - гранттардан жана башка акысыз жана кайтарылбас жардамдардан; - кайтарылып берилүүчү жана орду толтурулуучу ар кандай формадагы карыз алууларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан. Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү кошпогондо, КААБга берилген материалдык жана материалдык эмес активдер КААБдын оперативдүү башкаруусуна мыйзамда белгиленген тартипте берилүүгө жатат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүүнүн, анын ичинде укук бузуулардын алдын алуунун айрым маселелерин аткарууну ошол маселелерди аткаруу үчүн каражаттарды же финансылоо булактарын аныктоо жана өткөрүп берүү менен бирдикте КААБга берүүгө укуктуу. Укук бузуулардын алдын алуу маселелерин өткөрүп берүү, аларды финансылоону аныктоо жана өткөрүп берүү жөнүндө чечимди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тийиштүү жергиликтүү кеңештин макулдугу менен кабыл алат. КААБдын уюштуруу документтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген КААБ жөнүндөгү документтердин типтүү үлгүлөрүнүн негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары иштеп чыгат жана бекитет, бул документтер юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоого алынууга жатат. (КР 2015-жылдын 26-январындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Документте редакцияларды толук салыштыруу

Берененин байланыштары

Беренени өз сайтыңызга кошуу

Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:

<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1679/st-121" title="121-статья - Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>