# 10-статья. Саламаттыкты сактоонун органдары жана мекемелери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1679)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июнундагы № 82 "Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 5 мая 2021 года № 60 "Об основах профилактики правонарушений"](https://aqlex.ai/kg/doc/112231)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 января 2015 года № 26 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О профилактике правонарушений в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205448)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1679#diff=799468..799469>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1679/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1608/edition/799466/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1679/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө, 10-статья (27.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1679/st-10

---

Саламаттыкты сактоонун органдары жана мекемелери:

- менчигинин түрүнө карабастан өзүнүн иш аракеттери менен элдин ден соолугуна зыян келтирип же ага коркунучтуу шарт түзүп жаткан ишкана, мекемелерди, уюмдарды аныкташат. Мыйзамдуу негиз болгон учурда кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды колдонушат;

- алкоголго, баңги жана психотроптук заттарга көз каранды адамдарды, жыныстык жугуштуу дарттар жана СПИД оорулуу, акыл-эси кемчил оорулууларды аныкташат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте каттоого алышат;

- алкоголго, баңги жана психотроптук заттарга көз каранды адамдарды белгиленген тартипте дарылоону камсыз кылышат;

- укук бузууну алдын алуунун натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында алкоголь, баңги жана психотроптук заттарды колдонууга байланыштуу административдик укук бузганы үчүн укук коргоо органдары тарабынан кармалган адамдарды белгиленген тартипте өз учурунда аныктоо, текшерүү жана экспертизалоо чыгымдарын кийин укук бузуучулардын эсебинен ордун толтуруу менен бюджеттик каражаттын эсебинен жабууга көмөк көрсөтүшөт;

- жашы жете элек куракта токсикомания, наркомания, өнөкөт алкоголизмдин айынан ооругандарды чоңдордон башка шартта дарылоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыз кылышат;

- таламдаш ведомстволор менен бирдикте өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери үчүн медициналык-педагогикалык кеңеш берүү, анын ичинде купуя кеңеш берүү иштерин уюштурушат;

- кызыкдар ведомстволор, КААБ жана башка коомдук уюмдар менен бирдикте үй-бүлөлүк зомбулукка алдын ала эскертүүгө жана алдын алууга катышат;

- калк арасында медициналык билимдерди жайылтышат;

- социалдык жактан жардам берүү фонддорунун иштерине катышышат.

(КР 2015-жылдын 26-январындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1679/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1679/st-11)
